Окуучулардын жолдо жүрүү эрежесин үйрөтүү максатында иш чара уюшулган.
№51 Осо Палванов атындагы орто мектебинин 5-класстарынын класс жетекчилери Камалова Бермет, Макамалиева Жумагүл эжекелер «Жолдо жүрсөн сак бол, эрежеге так бол» аттуу кече өтүштү. 
Иш чарада окуучулар өздөрүнүн жол эрежелери боюнча окуп үйрөнгөндөрүн, кайрадан аткарып беришти.
«Азыркы мезгилде жолдо автоунаалар көп болгондуктан, өспүрүмдөр арасында жол кырсыгына кабылган балдар көп болуп жатат. Ошондуктан биз Бермет эжеке экөөбүз биргеликте 5-класстарга ушул иш чараны өтүүнү пландап,өткөрдүк. Бул жол эрежелерин көрсөтүү менен биз мектепте окуган окуучуларга жол эрежелери боюнча түшүнүк берип кеттик. Демек, мындан кийин биз үйрөткөн эрежелерди сөзсүз түрдө колдонушат деп ишенемин,»-деп билдирди Макамалиева Жумакан.
Класстан тышкаркы иштердин уюштуруучусу Жусупова Тургунса: «Бүгүн иш чара аябай кызыктуу болду. 5-класстары жакшы даярданышыптыр. Класс жетекчилерге рахмат.»
Даярдаган: Тимурлан Мелисбеков