Куланак айылында жаз айлары келип, сугат иштери өз күчүнө кирди. Жана ошондой эле жаңы каналды куруу иштери келерки жылы башталат.

Жаз айлары келип, сугат суу иштери башталууда. Айылдарга суу жетиштүү элеби? Суу тартыштык маселелери жаралбайбы? Ушул жана башка суроолор тууралуу облустук суу чарба башкармасынын жетекчиси Анарбек Сокеев бизге төмөндөгүдөй маалымат берди:

«Куланак айылында жакшы бир канал бар насос станциясы деген, эми ошонун ордуна Ат-Башы ГЭСинен өз алдынча ага турган канал куруу керек. Курулуш 2020-жылдан башталат. Ал эми азыркы учурда биз проектисин чийген адамдарды чакырып жатабыз. Алар келсе ишти тездедип, эртерээк бүтүрүүгө аракет кылабыз. Ушул пландалган канал бүтсө элге да, бизге да абдан эле жеңил болмок.»
Ал эми Учкун айыл кеңешинин төрагасы, Куланак айылынын суу чарба башчысы Эсенбек Исмайылбеков бизге төмөндөгүчө маалымат берди:

«Мына эми жаз да келди «Жаз жарыш, Күз күрөш» дегендей эле жазгы сугат иштери башталып калды. Биз болсо ушул суу боюнча көп эле аракет кылып атабыз, суунун башы тоң болгондуктан кичине кечигип жатабыз. Мына эми бир нече күндөн кийин сууну чыгарып, элге бере баштайбыз. Сапаттуу суу беребиз дагы айыл эли сапаттуу эгин, түшүм алышат. Азыр бардыгы жакшы, ыракмат»,- деди ал.
Автор: Альбина Болот кызы, Жаркынай Эсенгулова
Мыкты макала сынагы үчүн