Жалал-Абад областында «Мен Кыргызстандык экениме сыймыктанамын» аттуу сынагынын областык туру жыйынтыкталды.
«Мен Кыргызстандык экениме сыймыктанамын аттуу сынактын облустук туруна N°5 Токтогул атындагы гимназия мектебинин 6- классынын окуучусу Дарманкулов Актилек жана бий боюнча 3- класстын окуучусу Примова Нурай катышты.
Бул катышуучулар Базар-Коргон районунда өткөн аталган сынакта биринчи орун алышып, облустук турга жолдомо алышкан.
N°5 Токтогул атындагы гимназия мектебинин 6- классынын окуучусу Дарманкулов Актилек биринчи орунду алса, бий боюнча экинчи орунга 3- класстын окуучусу Примова Нурай ээ болду. Окуучуларды аталган мектептин музыка мугалими Жаңыл Мергентаева даярдап алып барган.
Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ