Бул жолу Якут мамлекеттик айыл чарба академиясында билим алып жаткан Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айылынын тургуну Заида Анарбек кызын кепке тарттык. Ал, келечекке койгон максаттары, жараткан ийгиликтери менен бѳлүштү.
Кыялдар орундалат
Мектепте окуп жүргѳн кезде чет элден билиим алсам деп кыялданаар элем. Атестатты колго алаар менен ойлоно баштадым. Издендим, сураштырдым. Ар кандай сунуштар айтылып жатты. Бирок, буйрук экен эжекемдин сунушу менен ушул окуу жайды тандап алдым. Азыр кудайга шүгүр, билим алып жатам. Жетишкен ийгиликтерим аз эмес. Ѳкүнбѳйм. Бир жылдан кийин азык-түлүк боюнча технолог кесибинин ээси болом деп турам.
Кыйынчылыктар артта калды
Мурун-кийин чет жерге чыкпагандыктан алгач кыйынчылыктар болду. Аба ылгадым, бир топко чейин Якутиянын климатына кѳнѳ албай жүрдүм. Академияда мугалимдер башка улутсунар деп бѳлүп карашпай баарыбызга тегиз мамиле жасаганы үчүн кѳп нерсеге кѳз жумуп кѳнүп кеттим. Кайсыл мамлекеттен келбе сенин түсүнѳ же жарандыгына маани беришпейт. Тескерисинче жасаган аракетинди баалаганы, баарыбыз менен бирдей мамиле түзгѳнү кубандырат. Учурда баары жакшы.
Магистратураны башка ѳлкѳдѳн аяктасам деп турам
Дипломду колума алсам магистратураны ушул эле багытта бирок, башка мамлекеттен аяктасам деп турам. Анан Кыргызстанда кесибим боюнча иштейм.
Окуудагы ийгиликтер
Университетке тапшырып жатканда бюджеттик бѳлүмгѳ ѳткѳм. Учурда окуудагы жетишкен ийгиликтерим үчүн 5000 рубль, ал эми ѳткѳрүлгѳн иш- чараларга активдүү катышканым үчүн үстүнѳ 10000 рублдан ашуун кошуп берет. Ошондо жалпысынан 18000 рубль стипендия алам. Жашоомо жеткиргенге аракет кылып,ѳзүмдү – ѳзүм каржылайм.
Сулуулар сынагында биринчи орунду ээледим
Окуу жайыбызда быйыл биринчи жолу сулуулар сынагы болуп ѳттү. Кураторумдун жана тайпалаштарымдын сунушу менен ага катыштым. Сынакта жалпысынан 9 кыз күч сынадык. Алардын сегизи Якуттар. Жыйынтыгында баш байгени Якут кыз ал эми биринчи орунду мен багындырдым. Жыйынтык жаман болгон жок деп ойлойм.
Якутияда жаштыгымдын жакшы күндѳрүн ѳткѳрүүдѳмүн
Эли абдан жакшы. Биздин улутка окшош десем жанылышпайм. Кээ бир сѳздѳрүбүз окшошуп кетет. Мен окуган жерде билим күчтүү берилет. Акча менен баарын ишке ашыруу деген түшүнүк жок. Кыскасы, бул жак мага абдан жакты, кийин Якутия тууралуу жакшы эскерүүлѳр болоруна ишенем.
Заида Анарбек кызы Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айылындагы Сааадаш Абдылдаева атындагы орто мектепти аяктаган.
Даярдаган: Айсулуу Нурматова