2020-жылы Жалпы республикалык тесттен өтүү үчүн 42 миң абитуриент катталган. Анын 67си алтын сертифкатка ээ болгон. 220 баллдан жогору алган эң алдыңкы тизмектеги бүтүрүүчүлөр kyrgyzmedia.kg өз тажрыйбалары менен бөлүштү. Алар аталган сынакка кантип даярданышкан
2019-2020-окуу жылында Жалпы республикалык тесттен эң жогорку – 229 баллды Акмарал Нурбек кызы алып, көпчүлүктүн көңүл чордонунда болгон. Алай районуна караштуу Кабылан-Көл айылындагы Эшкул Мурзаев атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү, ЖРТга 10-класстан тарта эле даярданып баштаганын айтат.
“Алгач тесттик суроолордо кандай тапшырмалар келерин аныктап алган жакшы. Ошого жараша даярданган оной болот. Мен тестке даярданып жатканда атайын китептерди сатып алып, канча маселени туура аткардым, теманы канча пайыз өздөштүрдүм деп өзүмдү текшерип көрчүмүн. Кетирген каталарыма басым жасап, мен берген жооп эмне үчүн ката болуп китептеги жоопко дал келбегенин тапмайынча изилдей берет элем. Бүтүрүүчүлөргө дагы көбүрөөк практика кылууну сунуштайм”.
Акмарал негизги тестке басым жасап аны ийгиликтүү тапшырганы менен, кошумча тандап тапшырчу предметтик тестке жогорку денгээлде даярдана албай, убакытты аз бөлүп койгонун айтат. Окуу жайга тапшырууда кайсы адистикти тандай турган болсоңор, ошол предметке дагы жакшы даярдануу манилүү деп кошумчалады.
Негизги тест эле көп нерсени чечпейт, ал болгону биздин логиканы текшерет. Ал эми мисалы дарыгер боло турган болсоңуздар ага химия жана биология, башка тармактарга бара турган болсоңуздар ошого жараша тандоочу предметтик тесттер болот. Ошондуктан кайсы багытка барарыңыздарды чечип, ошого жараша предметтик тестке дагы даярдануу зарыл”.
Ар бир окуучунун экзамен тапшырууда, сабакты өздөштүрүүдө өзүнө ыңгайлуу, туура келген ыкмалары болот эмеспи. Былтыркы жылдын эсебинен дагы 224балл алган Сабырбек Маликов СЕКОМ билим берүү мекемесинде даярданганын айтат.
“Мен СЕКОМ жана Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору чыгарган китептер менен даярдангам. Ал китептердин биринчи жана экинчи чыгарылыштарын жалпы көчүрүп чыккам. Дегенде, кыргыз тилден эрежелерин, аналогия ж.б барын кагаз бетине түшүргөм. Ошондой эле математикадан деле формулаларды жазгам. Мындай жол менен эстеп калганга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт экен. Мен лицейде билим алдым. Ал жерден дагы Гулзира деген эжейибиз бизди даярдаган”.
Чолпон Абдисахунова Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кадамжай лицейин бүтүргөн. Ал ЖРТдан 228 балл алган. Чолпон дагы тест тапшырууда көбүрөөк практика кылуу маанилүү экенин белгилеп өттү.
“Мен курстарга барган эмесмин. Бирок, атайын эжейлерге барып төрт ай даярдангам. Алгач, база түзүп алуу үчүн атайын мугалимге же курстарга барган жакшы деп ойлойм. Андан соң өз алдынча даярдана берсе болот. ЖРТда убакыт тар болот, андыктан тез иштөө керек. Көп практика кылган болсоңуздар убакыттан уттурбайсыздар. Алгач, темаларды өздөштүрүп алып гана практикага өтсөңүздөр жакшы натыйжа берет”.
Адистен кеңеш: ЖРТга кантип даярданыш керек?
ЖРТга даярдануу үчүн онлайн ресурстар
Айгерим Кубатбекова, Касиет Кубанычбек кызы