1. Чечек кандай ылаң?
Бодо малдын чечек ылаңы – кооптуу, жугуштуу оору. Ал аба тамчылары жана тамак-аш аркылуу жугат. Желинде, мурундун былжыр челдеринде жана мордо бүдүрлөр пайда болуп, жалпы белгилери билинет. Ылаңды вирус козгойт. Ал бир гана бодо малга эмес, эчкиге, жылкыларга, койлорго жада калса адамга дагы жугушу мүмкүн. Эгерде денеде бүдүрлөр пайда болсо, анда дароо ветеринарга кайрылуу керек.
Вирус тышкы чөйрөгө абдан туруктуу келет. 4 градус ысыкта ал активдүүлүгүн дээрлик 1.5 жылга , ал эми 20 градуста ысыкта — 2 айга чейин сактоого жөндөмдүү. Ал эми ылаңдаган малдын азыгын кайнатканда, вирус 1-2 мүнөттө чечек оорусун козгогучтарын жок кылат. 70 градус ысыкта ал 5 мүнөт, ал эми 50-60 градус температурада 10 мүнөт жашайт. Ультрафиолет нурлануусунда микроб 4 саат бою активдүү бойдон калат.
2. Ылаң кантип жугат?
Бодо малдын чечек ылаңынын булагы болуп – ооруган адамдар жана ылаңдаган жаныбарлар саналат. Атап айтсак, вирус көпчүлүк учурда эчки, эшек, коен, жылкы, чычкан, келемиш жана адамда кездешет.
Аба, суу жана тамак-аш, мал жандыктар жана адамдардын байланышы менен, буюмдар аркылуу жугат. Чиркейлер оорунун козгогучун 100 күнгө чейин алып жүрүшөт. Уйлар кан соргучтардан коргоно алышпайт. Мындан улам, чечек ылаңына көбүрөөк чалдыгат.
Кадимки иммунитетке ээ болгон, бойго жеткен малдарда оору жеңил-орточо мүнөздө өтөт. Бул учурда малдагы чечекти айыктырса болот. Ал чанда гана өлүм менен аяктайт. Ал эми алсырап калган, туура эмес шартта багылган же болбосо майда музоолор үчүн өлүм коркунучу жогору. Уй чечек вирусуна чалдыккандан кийин, жаныбарларда иммунитет өмүр бою сакталат.
3. Уйдун чечек менен ылаңдап жатканын кантип билсе болот? Белгилери барбы?
Инкубациялык мезгили – вирус жуккан учурдан баштап алгачкы белгилерге чейин 3-9 күнгө созулат. Уйларда чечек анын желининен башталат. Желинде алгач бүдүрлөр пайда болот. Бара-бара ал мурундун жана ооздун былжырларында, букалардын сөөктүү жерлеринде жана териде пайда болушу мүмкүн. Мында тышкары, малдын териси жана былжыр челдери шишип, малдын денесине тийгенде ооруйт. Чечек менен ылаңдаган уй көбүнчө буттарын кең жайып турат жана адамды өзүнө жакындатпайт.
Теринин жана былжыр челдин клеткаларында чечек микробдору активдүү көбөйө баштаса, бодо малда алгачкы өзгөрүүлөр болот. Жабыркаган аймак сезгенет, ал кызаруу менен байкалат. Ошол эле учурда, чечек вирусу канга кирип, бул учур бодо малдын өмүрүн кыскартат.
4. Чечекке каршы алдын ала эмдөө кылса болобу?
Патологияны алдын алуу, аны дарылоодон жана кесепеттерин жоюуга караганда бир кыйла жеңилирээк. Чечек — бул жугуштуу оору, аны алдын алуу үчүн биринчи кезекте уйларды эмдөө керек. Вакцина бир жолу жасалат. Иммунопрофилактика айрыкча экологиялык шарты начар аймактарга маанилүү. Эмдөө бир гана мал жандыктарга эмес, малды багып, карап жаткан адамдарга да жүргүзүлүшү керек. Анткени, бул вирус адамдарды өлүмгө алып келбесе дагы, ал вирусту алып жүрүүчү жана жайылтуучу болуп калат.
5. Мал жандыктарын чечек ылаңынан сактоо үчүн кандай аракетттерди көрүү керек?
- Жаңы малды алып келүүдөн мурун, уйлар эмдөөдөн өткөнбү, жакынкы чарбаларда чечек оорусу болгонбу же жокпу деп сураңыз.
- Жаңы келген жаныбарларды бир ай карантинде кармоо, аларды үзгүлтүксүз текшерип туруу, кан анализин алуу маанилүү.
- Тазалык — бул ар кандай жугуштуу патологияны алдын алуу. Жайлар жана жайыттар мезгил-мезгили менен дезинфекциялык каражаттар менен тазаланып турат.
- Ири чарбалардын жумушчулары уй чечегине каршы эмдөөдөн өтүшү керек.
- Эгерде уй ылаңдап жатса, аны башка мал жандыктардан обочо кармап, имарат толугу менен дезинфекцияланат.
- Эч кандай учурда ылаңдаган малдан алынган сүттү колдонбоңуз, аны жок кылуу керек.
6. Бул инфекцияны кантип жеңсе болот, аны дарылоо ийгиликтүү жүрөбү?
Уйдун бул вирус менен күрөшүүсүндө тажрыйбалуу ветеринар гана алектениши керек. Эч кандай учурда сиз элдик ыкмаларды колдонбошуңуз керек. Мындай дарылоо кырдаалды курчутуп, үйүрдө оорунун жайылышына шарт түзөт. Чечек — карантиндик чараларды талап кылган олуттуу патология. Ошондуктан, оорулуу уйду дароо эле бөлүп салышат. Сүт күн сайын саалып, дезинфекцияланып, жок кылынат. Ылаңдаган малдын сүтүн ичүүгө болбойт. Бул маститтин алдын алууга жардам берет. Эгер уй желинине кол тийгизбей жатса, анда атайын сүт катетерин орнотушат. Оорулуу уйду багууга өзгөчө көңүл бурулат. Мал багылган жер ар дайым кургак жана таза болушу керек.