Учурда жогорку окуу жайларын аяктаган соң, иш таппай кыйналышат, тапса дагы ишин андан ары улантуу боюнча маселелер кездешет. Буга кесибин жакшы билбегендик же адистигин сүйбөгөндүктөн эмес жумшак көндүмдөр жакшы өнүкпөгөндүктөн дешет адистер.
«Экодеми» коомдук фондунун Нарын облусундагы төрайымы жана жеке ишкер “Сеть салонов парижанка” сулуулук салондорун түзүүчү Салтанат Турдубаева каалабаган кесипте билим алып, бирок кийин өзү тандаган иш менен алектенип жатканын айтат:
“Мени апам банкта тынч, таза олтуруп алып эле иштейт деп эсепчинин окуусуна окуткан. Себеби, өзү мугалим болгондуктан банкта иштөө жеңил деп эсептечү. Мен өз кесибим менен 8 ай гана иштедим. Кагаз жумуштары меники эмес экен. Бат эле коомдук иштерге аралышып, жумушумду таштап кете бердим”.
Учурда Салтанат айым 5 жылдык билим алууга караганда курстарды окуп, тажрыйба топтогонго мүмкүнчүлүк көп экенин баса белгилейт
Кесип туралуу айтканда 5 жылдык билим бул экинчи планга түшүп бара жатат. Анткени азыр дайыма кыймыл, дайыма акча. Азыр кол билген өнөрчүлүк 1-орунга туруп калды. Ошол эле кесиптик лицейдин бүтүрүүчүлөрү баалуу. Биздин убакта бул окуу жайга жалаң эле окуй албагандар барат десек, азыркы замандын талабы ошол эле кесиптик лицейлердин бүтүрүүчүлөрүндө. Европага ширетүүчү, тикмечи, кондитер, чач тарачтар чыгып жатат. Бир эле билим алам деп 5 жыл бою эле окуй берүүнүн кажети жок. Азыр мүмкүнчүлүктөр башкача 3 айлык, 1 жылдык курстар бар. Бүгүнкү күндө билим алуу эмес, тажрыйба чогултуу менен гана бийикке жете алабыз. Мурункудай мугалим жалдабай эле тилдерди онлайн окуп үйрөнсө болот. Тил менен башка деңгээлге өтө алабыз.
Коомчулукту өнүктүрүү үчүн коомдук фонддор, жаштар жана балдар арасында кесиптик билим алууну жайылтуу боюнча адис Мунира Ноорузбаева кесип тандоодо баланын жөндөмдөрүнө көңүл буруу керектигин айтат. Аны менен катар кээ бир учурларда жөндөмдөрүн таап ачканга дагы аракет кылуу керек:
Кесип тандоодо ата – эне чоң мааниге ээ. Себеби, кичинекей кезинен эле үй-бүлөдөн багытталып калышы мүмкүн. М: сүйлөө жөндөмдүүлүгү (коммуникация) өнүккөн балдар журналистикага кете алышат, маркетингге, менеджменткке багыттай алышат. Ошол нерсени билүү үчүн, эң биринчи ар бир адамдын да, баланын да баалуулуктары болот. 3 жашынан баштап сахнага чыгып ырдап, сүйлөп туруу керек. Кээ бир балдардын баалуулугу ирээттүүлүктү жакшы көрүшөт, алар жетекчиликке же өзүнчө иштегенге жөндөмдүү. Ал эми кандайдыр бир ачылыштарды жасоого башкача айтканда, орундук, жабдуулар менен ракета курап, үй курап коюшса, бул жөндөмдүүлүктөрү бар балдар илим жакка, бир нерсени ойлоп табуу жагына багытталат. Кичинекей кезинен баштап эле баалуулуктары калыптанат. Сөзсүз түрдө 2 жагы болот. Буларды биз жумшак көндүмдөр деп атайбыз.
Конфликтти жоюу, эл менен баарлашуу, анализдөө, баардык нерсеси жумшак жөндөмдөр. Жумшак жөндөмдөрдүн калыптануу процессинде ата – эненин, коомчулуктун, мектептин ролу абдан чоң. Себеби, баланын шыгы бар болсо дагы, алар элди башкара алган болсо дагы, жок сен сүйлөбөй тур, же болбосо “5” ке окуган 5 бала болсо эле баардык жакка тарта берет. Башка балдар өздөрүнүн жумшак жөндөмдөрүн өрчүтө албай калышат.
Мунира Ноорузбаева акыркы 2,5 жыл ичинде кесиптик билим алууга кызыккандарга туура кесип тандоо боюнча эмнени эске алыш керек экенин, эмне себептен улам сүйбөгөн кесибине ээ болуп калат деген суроолордун үстүндө иштеп, ошону чечүү багытында иштеп келет.
«Жумшак жөндөмдөр азыркы күндө кесип тандоодо, кесипке ээ болууда, 75% ийгиликти түзөт. Кесипти өнөр деп айта албайбыз кандайдыр бир билимге ээ болуусу, бул нерсени өжөрлүк менен окушат, билим алышат, эгер бала математиканы жакшы билген күндө дагы, анын дагы жумшак жөндөмдөрү өрчүгөн болсо дагы, жумшак жөндөмдөрү эл менен баарлашып, социализация болгондо гана өрчүйт. Бул балага көбүрөөк ийгилик алып келет. Жумшак, катуу жөндөмдүктөр биригип өрчүгөндө, ошого жараша кесип тандап, багыт берүү керек. Тил жагынан, баарлашуу жагынан жөндөмдүүлүгү болбошу мүмкүн, ал өзүнчө олтуруп, тынччылыкта олтурганды жакшы көргөн балдарды ата – эне бийге, тилге бере берет. Балким бул баланы математика илимин өздөштүрүүгө бериш керек».
«Жашоо, жаш курак, бала менен байланып калбастан ишти, долбоорлорду ошол эле учурда акчаны дагы баарын эле 1 багытта ала кетсе болот. Өзүңдү чектөөнүн кереги жок экенин мен билип калдым» — дейт Салтанат Турдубаева
Эч качан жаш курактык чек жок. Эгер кааласа 70 жаштагы эжекелер менен “айым баштайт” долбоорунда, 20 жаштагы жол таппаган, алы күчү ташып турган кыздар, демек баарыбызда бир ой бар экен да. Бул нерсе сүйлөшүү, билим алуу учурунда ачылчу гүл экен. Баарыбыз эле учканды билет экенбиз, бирок учпайт экенбиз. Себеби семинар, тренинг деген нерселер жок эле. Жалаң эле ушак, уят деген нерсе менен отура берип, адам баласы өзүн – өзү баса берет.
Долбоорлорубузда эмне гана жок 90% аял, Кыргызстанды кыймылдаткан айымдар. Ар бир адамдын өзүнүн өзгөчөлүгү болот. Кесипти өзгөрткөндөн эч качан коркпоо керек. Болду мен 40 чыкпадымбы, карыдым деген нерсени жоюу керек. Мисалы: мен Нарында эле чач кырка берсем, мен эч өнүгө албайт элем. Ошондуктан мен Бишкекке чыктым, ал жактан сага ар кандай кардарлар келет. Алар менен тил табыша алышың керек. Сынактар бар ар башка өлкөлөргө тил билсең чет өлкөгө чыгып иштеп келсең, дагы тажрыйба чогултасың. Кайра келип кыргыздын эле кыз уулдарына билимиңди үйрөтсөң болот. Уча албай жаткандар учуп кетет. Көбүнчө бизде колдоо жок. Өзүбүздү кара күчкө салып эле, эч кимден эч нерсе сурабайбыз.
Мунира Ноорузбаева: Баланын жумшак, катуу жөндөмдөрүн эске алып, баланын кичинекей кезинен эле ата – энеси багыттап туруусу керек.
Ата эне өздөрү да бөлүнүшөт. Кыялдары оорундалбай калса, балдарын ошол жакка жабыштырганы, бул 1-түрдөгү ата – энелер. Менин учурумда мүмкүнчүлүктөр жок болчу деп өздөрүнүн кыялдары менен баласына жүктөйт. 2-түрдөгү ата — энелерге, атасы доктур болгон, чоң атасы дагы доктур болгон жана баласы да доктур болушу керек деп баланын жөндөмдүүлүгун эске алышпайт. Мүмкүн ал бала артист болгусу келген. 3 – типтеги ата – эне. Бул элден калбайын, балам бир жакка барып жатат деп эле, баланын каалоосуна карабай эле мен дайым даярмын, мен сенин ар нерсеңди камсыздап берем деп жөнөтө беришет. Бала деген өзүнө толук кандуу жооп берип, чечим чыгара албагандыктан, ата – эне туура багыт бериш керек. Мына ошентип ата энелерге балдардын кесип тандоосуна таасир этишет.
Сүйбөгөн кесипти тандоого эмнелер түрткү болот.
Өзүңдүн баалуулуктарыңды, жумшак жөндөмдөрүңдү эске албастан, азыр баары ушуга барып жатат деп тапшыруусу. Экинчиден билим берүү курстарынын рыногун изилдебестен, алар кандай мүмкүнчүлүктөрдү берет экендигин алдын ала билбегендик. Бул жерде гендердик стереотиптер да таасир этет. Аялдарга, эркектерге тиешелүү деп кичинекей кездеринен кесиптерди бөлүштүрүү болуп калган.
Азыркы күндө замандын талабы, адамдардын ой жүгүртүүсү өзгөргөнүн эске албагандык. Бул финансалык жана үй-бүлөдө пландап жатканда көпчүлүгүндө үй-бүлөдө эркек бала бар боло турган болсо басымды көбүрөөк жасашат. Эртеңки күндө мени багат деп ата-энелер ойлошот. Бирок биз түшүнүшүбүз керек азыркы күндө аял киши үйдө олтуруп, күйөө гана багат деген тенденция өзгөргөн. Үй – бүлөлүк бюджетке 2 тараптан кошумча киргизгенде үй-бүлө экономикалык жактан туруктуу өнүгөт. Ушуну эске алып кыз, бала дебестен билим алыш керек.
Айзат Түмөнбаева
Кесип тандоо ата-эне, мугалимдер балага өз пикирин таңуулабашы керек