Ак-Талаа районунун Баетов айылынын тургуну Сапарбеков Санат «Жылдын мыкты жаш лидери» номинациясы менен сыйланды.
Кечээ Нарын шаарында «Жылдын мыктылары» аттуу жыл жыйынтыктоо кечеси болуп өткөн. Бул иш чараны Нарын жаштар ордосу менен Жаштар спорт агенттиги уюштуруп 15 номинация боюнча конкурс жарыялашкан. Конкурста жаштарга арналган канча иш чара уюштургандыгы, сырттан канча долбоор тартып келгендиги, жергиликтүү бийлик менен иштешүү жөндөмдүүлүгү, коомдук иштерге активдүү катышкандыгы сыяктуу критерийлер менен тандалып, номинациялар тапшырылган. Бул боюнча Санат Сапарбеков өз оюн билдирди: «Нарын шаарынын губернатору , мэри, жаштар ордосу жана спорт агенттигинин жамааты жана башка лидерлер менен биргеликте мыкты деңгээлде болуп өттү. Чындыгында бул номинация мен үчүн күтүүсүз жерден болду»,-деди.
Даярдаган: Жумакадырова Мөөркан