Бүгүн 14.04.15 Кошбулакта №4-орто мектептин Чоң жыйындар залында үй-бүлөдөгү жана жаш балдарга карата көрсөтүлүүчү зордук-зомбулукту болтурбор максатында жергиликтүү бийлик менен укук коргоо органдарынын Биргелешкен жыйыны болду.
Жыйынга шаардык прокуратурадан прокурордун жардамчылары А. Мисиров, Д. Ташкожоевдер, Ички иштер бөлүмүнөн майор Б. Досов, участковый А. Туркбаев Ардагерлер кеңешинен Жарашбай ажы Мамытов, кесипчилик лицейинин директору А. Абдибахапов, айыл башчылары, төрайымдар, жаш балдар менен иш жүргүзгөн тиешелүү кызматкерлер болуп жалпы 128 киши катышты.
Жыйынды Кошбулак аймактык башкармалыгынын башчысы Б. Сапаркулов ачып алып барды. Жыйында жаш мугалим Лутфулло Исабек уулу баалуу сунуштарын берди. Жыйынтыгында жергиликтүү бийлик органдары менен укук короо органдары биргелешип аткаруучу иш чараларды кабыл алды. Иш чарага ылайык Сүлүктү шаары боюнча ар бир коомдук өзалдынча башкаруу аймагында түшүндүрүү иштери жүргүзүлмөкчү.
Жыйындын өзгөчөлүгү докладчылар Элден эрте келип күтүп турду.
Кабарчы: Анварбек Тухтаров
argumentative essay template cheap custom essay writing services what is expository essay