Соң-Көл орто мектебинде «Биз зордук-зомбулукка каршыбыз» аталышындагы 8-9-10-11-класстар аралык иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чарага окуучулар менен биргеликте класс жетекчилер да катышты. Алгачкы эле тапшырма мугалимдер биргеликте дубал газета чыгаруу болду. Мыкта идеаларды камтыган дубал газеталар чыгарылып, мыкты жакталып берилди.

Ар бир топ өз дубал газеталарын жакташты

Мугалимдер багыт берип турушту
Иш-чараны мектептин социалдык педагогу Тамара Бакирова уюштурду. Андан соң топтор чакан сценкаларды аткаруу менен зордук-зомбулукту токтотуунун жолдорун көрсөтүштү.

Окуучулар үй бүлөөлүк зордук-зомбулук көп болот дешет
Бул иш-чараны утурлай эле, дене тарбия мугалими Азамат Райымбек уулу, окуучулар арасында ынтымакка чакырган спорттук оюндарды уюштурду. Бул оюндун темасы «зордук-зомбулуксуз оюн» деп аталып, бири-бирине үстөмдүк кылбоо максатын көздөдү.

Эркек балдар волейбол ойношту.
Волейбол оюнунда ар бир класстан бирден окуучу катышып бир топ түзүштү, жалпысынан 2 топ катышып, 2 оюн өткөрүштү. Кыздар болсо фудбол оюнун ынтымакта ойношту.

Кыздар абдан ынтымактуу ойношту
Анжелика Сеиталиева