Конушбаев Кадырбек атындагы Суусамыр орто мектебиндеги 1 жумалык предметтик олимпиадалар болуп өттү. Олимпиадага 5-9- класстын окуучулары катышты. Бүгүн 6-декабрда олимпиаданын жыйынтыгы чыгып, грамоталар тапшырылды.
9-11-класстар арасында райондук олимпиадага бара турган женүүчү окуучулар аныкталды. Алардын бири 9-классынын окуучусу Аяна Кубанычбекова олимпиададан англис тили сабагынан мектеп ичинен жеңүүчү аталып, райондук олимпиадага бара турган болду. Жеңүүчү менен маек курдук:
-Саламатсыздарбы? Мен Аяна Кубанычбекова, Конушбаев Кадырбек атындагы Суусамыр орто мектебинде 9-классында окуйм.
-Олимпиада жөнүндө айта кетсеңиз.
-Быйыл биринчи жолу райондук олимпиадага англис тил предметинен барам. Учурда олимпиадага англис тил мугалими Назим Ишеналиева эже менен даярдануудамын, андан тышкары класс жетекчим Жазгүл Алманбетова эже дагы жардамын берип, эжелерим менен биргеликте даярдануудамын.
Бегимай Шамирдинова