1-май Эмгек күнү Жал айылында союз убагында кандай майрамдалчу? Азыркы убакыта бул майрам Жал айылында майрамдалабы? деген суроолор менен айыл тургундарына микрофон узаттык.
Жаралыш тарыхы 1886-жылдын 1-майындагы америкалык жумушчулардын эмгек талабына байланыштырылып келсе, Кыргызстан эгемендик алгандан бери 1-май майрамына жазгы түс берилип, идеологиялык басымдан арылуу аракети жасалганы байкалат. Бүгүнкү күндө 1-май дүйнөнүн 66 өлкөсүндө салтанаттуу белгиленет.
Эмгек майрамы Кыргызстанда биринчи жолу 1919-жылы Пишпек шаарында белгиленген. Большевиктер уюштурган салтанатка шаардын калкы чогулуп, митинг өткөрүлүп, майрамдык маанай жаратуу жана 1-майды белгилөө жөрөлгөсү жасалып, майрамдык салт түптөлгөн.
Майрамга чогулган большевиктер, кызыласкерлер жана шаар калкы революциялык ыр менен Пишпек шаарынын борбордук көчөлөрү аркылуу Эмен паркына келип, андагы Боордоштордун көрүстөнүнө гүл коюшкан.
Даярдаган: Азиза Бөрүбаева
Редактору: Дастан Жаркымбаев
Видео: Азамат Кубанычбек уулу