Дээрлик баардык эле бала бакчалар заманбап талаптарга жооп бере бербейт. Ал эми «Барскоон» мектепке чейинки билим берүүчү уюуму негизделгенден бери канчалаган өзгөрүүлөргө учурады.
Барскоон айылындагы бала бакча адегенде 60 балага ылайыкталып эски эмеректердин жардамы менен ачылса, азыр 140 балага ылайыкталып эмеректер жана жабдыктар толугу менен жаӊыртылды. Бала бакчанын ичинде музей, балдарга арналган куурчак театры, ар кандай майрамдык иш чаралар өткөрүлүп туруу үчүн сахна да жасалган.
Мындан тышкары бала бакчанын ичи ар кандай кол өнөрчүлүктөр менен кооздолуп, балдар жатчуу да дивандар азыркы талапка жооп берет.
Жыл өткөн сайын балдар атадан калган мурастарды унутта калтырбаш үчүн боз үйдүн да жабдыктары орнотулган.
Мектеп жашындагы балдарга кызыктуу жана жагымдуу болуш үчүн бакчанын ичине таш бакаларды, кооз чымчыктарды да алып келип коюшкан. «Барскоон» мектепке чейинки билим берүүчү уюумунун ички жана тышкы абалы баардык талаптарга жооп бергендиктен областык семинар өткөрүүгө жарактуу деп табылды.
Семинар ушул жылдын апрель айында өткөрүлүп жетекчиси Гүлмира Султанбаева семинарды эӊ жогорку деӊгээлде алып барды.
Адегенде баардык коноктор менен таанышуу болуп өтүп, андан кийин семинар өз нугуна кирди.
Тарбиялануучулар кыргыз элинин унутулуп бараткан дастан ырларын, аткарып беришти. Ата-энелер жана областык бала бакчадан келген тарбиячылары «Барскоон» бала бакчасынын ишмердигин канагаттандыраарлык деп баалашты. Ушул бала бакчанын ишин алдыга жылдырып иштеп келе жатышкан жамаатка тере ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик каалап кетмекчибиз.
Даярдаган: Айдай Кудайбергенова