Базар-Коргон районунда Чынгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата үч айлык жарыяланган. Алдын ала пландалган иш-чаралар толугу менен аткарылып, конференция, дебат, көргөзмөлөр, адабий кечелер, сынактар өткөрүлдү. Жазуучунун туулган күнү 12-декабрда райондук деңгээлде «Айтматов жана биз» аталышында жыйынтыктоочу адабий кечеси өттү.
Ага райондук билим берүү бөлүмү, №6 Б.Осмонов атындагы гимназия мектебинин 5-класс окуучулары, №8 Ж.Сулайманкулов атындагы орто мектеби, №7 М.Мамбеталиев атындагы гимназия мектеби, №30 Ө.Атабекова атындагы инновациялык гимназия мектеби, №6 Б.Осмонов атындагы гимназия мектеби, №17 С.Далбаев атындагы гимназия мектеби, №9 Ж.Асанов атындагы орто мектеби, №21 С.Ташиев атындагы орто мектептеринин мугалимдери жана окуучулары катышты.
Адабий кече райондук администрациясынын жыйындар залында өткөрүлүп, Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Мирлан Карагулов, акимдин орун басары Асель Сансызбаева жана Жалал-Абад облусунун билим берүү бөлүмү, тил комитетинен өкүлдөрү, райондук мекеме-ишканалардын башчылары, мектеп жетекчилери, мугалимдер жана окуучулар катышты.
Кечени Базар-Коргон райондук администрациясынын башчысы-аким Мирлан Карагулов ачып, залкар жазуучу жөнүндө анын чыгармачылыгы ар бир инсандын журөгүндө өзүнүн орду бар экенин баса белгиледи.
Андан соң КР Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын Жалал-Абад облусу боюнча өкүлү Элмира Борукулова сөз сүйлөп, өз сөзүндө Чынгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата иш-чараларга токтолуп, райондо тил боюнча мыкты иштерди алып барганы үчүн Жаркын Маматованы төш белгиси менен сыйлады.
Кечеде райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Асель Сансызбаева: «Чынгыз Айтматовдун чыгармалары реалдуу жашоону чагылдырып, махабат, сүйүү, ошол кездеги элдин турмушун чагылдырган таасирдүү повесттер ар окуган сайын ар түрдүү ойлорду жараткан чыгармалары эч качан өчпөйт жана кылымдаар бою жашай берет»,- деди райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Асель Сансызбаева.
Адабий кече чоң эненин жомогу, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын неберелерине айтып берген баяны менен жазуучунун бир нече чыгармасы мугалимдер жана окуучулар тарабынан аткарылды. Чоң эненин ролун Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн кабинеттер башчысы Жаркын Маматова аткарып берди.
Базар-Коргон райондук маданият үйүнүн кызматкерлери Толгонай менен жер эненин монологун көрсөтүштү
Иш-чарага Айтматовдун чыгармаларын даярдап келген жети мектептин жетекчилерине Райондук администрациясынын, билим берүү бөлүмүнүн ошондой эле профсоюз уюмунун ардак грамоталары тапшырылды, аталган жети мектептин 14 мугалимдери профсоюз уюму тарабынан Ыссык-Көлгө жолдомо алышты.
«Бүгүнкү иш-чара аябай чоң деңгээлде өттү. Биздей жаш мугалимдер алчу көп маалыматтар болду. Бирден окуучу алып келдик эле. Окуучум да аябай таасирленди»,- деди №49 У.Сыдыков атындагы орто мектебинин жаш мугалими Суусара Аттокурова.
«Бир ай аралыгында талыкпаган эмгегибиздин натыйжасын бүгүн жалпы катышуучуларга көрсөтө алдык. Окуучуларыбыз да аябай жакшы аткарышты. Өзгөчө Бегимайдын ролун аткарган Тахмина Суёркулова элдин көзүнө жаш алганга чейин өз каарманын чагылдырып бере алды. Мындан сырткары мугалимдерден Жаңыл Борбуева, окуучуларыбыз Бекдияр Абдыразаков, Эмил Байышбеков, Элдар Сатимкулов, Нуржигит Акматалиевдер ролдорду мыкты аткарышты. Көрүүчүлөрдүн арасынан кийин ар түрдүү каалоо тилектер, ойлор, таасирлер айтылды. Албетте, мындай кайтарым байланыштарды угуу биз үчүн сыймык. Негизи бүгүнкү иш чара аябай таасирдүү, кызыктуу, ар тараптуу болду», деп билдирди №17 С. Далбаев атындагы гимназия мектебинин жетекчиси Давлет Омурзакова.
Адабий кечеге балдар бакчалары, мектептер өздөрүнүн көргөзмөсүн да коюшту. Анда жазуучунун каармандары чагылдырылганын көрүүгө болот.
Гүлназ Камбарали кызы