Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театры «Ак кеме» жана «Күн кармаган бала» спектаклдерин Кочкор айылынын тургундарына тартуулашты.
Кочкор жергесине келип, атайын окуучуларга жана айыл тургундарына Ч. Айтматовдун «Ак кеме» повести боюнча сахналаштырылган «Ак кеме» спектакли жана белгилүү драматург Султан Раевдин «Күн кармаган бала» повестинин негизинде»Күн кармаган бала» спектакли көрсөтүлдү.
Спектаклде башкы ролдорду жараткан Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын режиссеру, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Давлетбек Нургазиев «Чыңгыз Айтматов «Ак кеме» чыгармаcында кичинекей баланын жан дүйнөсү, улуу адамдардын зордук-зомбулугу, таятасынын мээрими, жомогу аркылуу таза дилдеги баланын тарыхын көрсөткөн. Биз болсо азыркы коомдогу болуп жаткан терс көрүнүштөрдү чагылдырып, азыркы мезгилдеги сүйүү, зордук, таш боордукка басым кылып спектакл койдук. Көптөгөн Эл аралык фестивалдарда Гран-При алган спектакль, чоң ийгилике жетишип келе жатат. Эки спектакль менен жети дубанды кыдырып келе жатабыз. Максатыбыз көрүүчүлөргө анын ичинде жаш муундарга жакшы таалим, тарбия берүү».
Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын актрисасы Азиза Нуркасымова спектаклде аялдарга көрсөтүлгөн зордук-зомбулук, баланын кыялдары, улууларга сый урмат көрсөтүлбөй калган заманды көрсөтүү болгон деп билдири.
Спектаклди көргөндөр аткаргандар алардын купулуна толгондугун, ырахат алып көргөндөрү тууралу айтышты
Акбермет Жеңишбекова, Канайым Мирланова