Таланты боюна батпай, 11 жашында көлөмдүү чыгарма жазган Раманов Нурдатка Нурдилеевич 2004- жылы Талас облусунун Бакай- Ата районуна караштуу Кең- Арал айылында жарык дүйнөгө келген. Нурдатка кичине кезинде эле көп китеп окуп, кийин дил баян жазуудан баштап китеп жаза баштаган.
Жазуучубузга ата- энеси жардам берип, колдошкон. «Керри Дейлстин күндөлүгү» 2015- жылы май айында жазылып башталып, 14-ноябрда аягына чыккан. Жазуучу мээнетинин артынан чоң эмгек жаратканы баары үчүн бир эсе таң калыштуу болсо, бир эсе сыймык болду. Нурдатканын кыял менен жашоону жуурулуштура билген чеберчилиги да кызыктырат.



Даярдаган: Жаныл Жусупбекова, Адеми Зоотбекова
Мыкты макала сынагы үчүн