24-июнь Кыргызстан боюнча бардык билим берүү мекемелеринде салтанаттуу аттестат берүү аземи болуп өттү. Тилебалды Айбашев атындагы орто мектебинде дагы 35 бүтүрүүчү бүтүп, 11-жылдык билими жөнүндөгү аттестатты тапшыруу аземине мектеп жетекчилиги,бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери,аймактык жаш өспүрүмдөр боюнча тартип сакчысы катышышты. Бүтүрүүчүлөргө мектеп жетекчилиги жана ата-энелер тарабынан каалоо тилектер айтылды.

Жалпы Республикалык тестирлөөгө катышкан 21 окуучуга алган упайлары боюнча сертификаттар тапшырылды. Белгилей кетчү нерсе, ЖРТ дан 200 баллдан жогору балл алган Минбаев Айбек Эркенбековичке мектеп директору Нурдинова Замира Сарыбаевна ЖРТ дан алган 206 баллы менен куттуктап сертификатын жана мектеп тарабынан ардак грамота менен сыйлады. Жалпы бүтүрүүчүлөргө кең келечек каалап, ата- энелериге сөз берди. Ата-Энелердин арасынан Абдразакова Зуура апа небереси Абдразаков Элдарды жана анын классташтарыны кесиптик билим алууга үндөдү.Бүтүрүүчүлөр аттестаттарын колуна алышып, классташтары менен коштошуп, ата-энелери менен чогуу үйлөрүнө таркашты. Ноокат районундук билим берүү мекемелеринен ЖРТ боюнча 200 баллдан жогору балл алган окуучулар: Ноокат билимканасынан 7 окуучу жетишти, А. Парпиев билим канасынан, 2 окуучу М.Гапаров гимназиясынан, 1-окуучу М.Кудайбердиев лицейинен, 1-окуучу Т. Айбашев атындагы орто мектебинен, 1 окуучу Маданият мектебинен, 1 окуучу Колдошов мектебинен камсыз кылышты. 225 балл алып Ноокат билимканасынын окуучусу Акылбекова Самара «Алтын сертификатка ээ болуп Ноокат районунун намысын коргоду.


Даярдаган: Жалалова Таңнуру, Кожоева Асылкан