Жаңы-Жер айылындагы №43 Кесиптик лицей, салттуу билимдерди туруктуу өнүктүрүүгө жана сактоого көмөк көрсөтүү үчүн жаш ашпозчуларды окутууда. Учурдун талабы болгон биомаданий ар түрдүүлүк жана этноэкологиялык түшүнүктү терең билген ашпозчуларды даярдоо, бул окуу жайдын негизги максаты.
Бул максатка жетүү үчүн лицейде дайыма тайпалар арасында «Мыкты ашпозчу» этнофестивалы, “Жаш ашпозчу” конкурсу, “Элеттик ашпозчу” конкурсу, “Этнокейтеринг” конкурстарын байма-бай өткөрүп турушат.
Ашпозчу кесибинин устаты Чынара Алиеванын айтуусу боюнча:
«№43 Кесиптик лицей көп жылдан бери, Туруктуу өнүктүрүү стратегиялар институтунун программасынын алкагындагы биомаданий ар түрдүүлүк боюнча көптөгөн иш чараларды өткөрүп келет. Бул иш- чаралардын жыйынтыгынын берген натыйжасы биздин окуучуларга таасирин тийгизди.
Ашпозчу кесибинин окуучулары
Себеби, мугалим-устаттар окуучуларга табигый ресурстарды калыбына келтиришибиз керек, этномаданиятыбызды таанып билишибиз керек деп окутуп келебиз. Бирок окутуунун эң натыйжалуу ыкмасы болуп, практикага негизделген ыкма болуп чыкты.»
№43 Кесиптик лицейдин окуучусу Кадырбек Эсенканов: Чоң апасы жасаган айылдын каттамасын жасап көрдү.
Биз өткөргөн конкурстарда аларга чоң-энелериңерден камыр жууругандан баштап, нан бышыруунун ыкмасын, тамактануунун ыкмасын, тамак- ашты сактоо ыкмасын изилдегиле деп көрдүк. Мына ошондо алар өздөрү дагы кызыгышып, ар бир аткарган практикалык ишинде элдик ыкмаларды азыркы инновациялык ыкмалар менен айкалыштырып көрүштү.
«Этнокейтеринг» кыска мөөнөттүк окуусундагы практикалык иш учуру
Ашпозчу кесибинин мугалими Динара Абакова:
«Биздин лицейдеги жаштардын көңүлүн заманбап экологиялык көйгөйлөргө, үй-бүлөлүк каада салттарды жоготуп алуу коркунучунан сактоого, жана биомаданий ар түрдүүлүктү сактоо жана этно-эко билим жөнүндө түшүнүк берүүгө карай элдик эски ыкмаларды колдонуп окутуп жатабыз. Окуучулар жергиликтүү каада-салттарды изилдөөнүн натыйжасында экологиялык, экономикалык, социалдык, маданий маселе көйгөйлөрдү көрө алышты.
Өзгөчө “Айыл чарба өндүрүшүнүн устаты” кесибинин окуучулары “Биздин Жаңы-Жер аймагы дыйканчылыкты жакшы өздөштүргөнү менен аймактагы айдоо аянттарыбыз дегредацияга учуроо коркунучуна бара жатат. Дыйкандар эмне үчүн табигый жер семирткичтерди колдонбойт? Өзгөчө капуста өстүргөн дыйкандар ар кандай органикалык эмес жер семирткичтер менен жерди пайдаланышат экен” дешип кызуу талкуулап калышат. Бул албетте, биздин ийгилик деп ойлойм. Анткени, биз бул көйгөйгө жаштардын аң сезимин өзгөртүп, көңүлүн бура алдык.»
Турсун Омуралиева