Дүйнө жүзүндө Ковид-19 вирусу күчөп жаткан учурда тынымсыз иштеп жаткандардын катарын почта кызматкерлери дагы толуктайт. Эл менен иштеп вируска чалдыккан почта кызматкерлери дагы аз эмес.
Төмөндө почта кызматкери пандемия убагында кандай тартипте иш алып баргандыгын, Суусамыр айылдык байланыш бөлүм башчысы 24 жылдан бери иштеп келе жаткан тажрыйбалуу адис Айчүрөк Айрыгомова менен маектештик:
Пенсия алгандардын саны 511ди түзөт…
-Суусамыр айыл аймагында, 1997-жылдан тарта почта тармагында иштейм. 24 жыл ичинде пенсия, жөлөк пул алгандардын саны миңге жеткен учурлар болду. Азыркы учурда өздөрүнүн ыңгайына карап пенсияларды банкка которуп жаткандар дагы бар. Учурда жалпы пенсия алгандардын саны 511ди түзөт.
Ковид-19 вирусу күчөп турганда калкка кызмат көрсөтүүнү уланттык…
-Пенсия таратуу үчүн атайын графикти айыл өкмөтү, башкы почтанын жетекчилери бекиткенден кийин айылдарга таратып берем. Биринчилерден болуп Тунук жана Кайсар айылдарына пенсия таратып берем. Анткени бул айылдарда ардактуу аксакалдар, ардегерлер жашайт. Экинчи күнү 1-Май, андан кийин Суусамыр айылына таратам.
Үйдөн чыга албаган пенсионерлерге, почтальон кызмат көрсөтөт…
-Үйүнөн чыга албаган, мүмкүнчүлүгү чектелген пенсионерлерге, почтальон пенсияларын өз убагында жеткирип берет. Машина жок болгондуктан көбүнчө пенсионерлер почтага келип алышат. Почтадан алыс жайгашкан кары-картаңдар балдарына ишеним кагаз жазып беришет. Ишеним кагаздын негизинде биз балдарынын колуна пенсияларын бере алабыз.
Учурда почтада кезек күткөн адам деле жок…
Почтага жакын жайгашкан пенсионерлерге почтальон кызматын көрсөткөндүктөн. Почтада кезек күткөн деле пенсионер деле жокко эсе. Пенсиясын алганы келген адамдар ковид-19 вирусуна каршы санитардык эрежелерди сакташат.
Иш учурунда вируска чалдыктым…
-Пандемия күчөп жатканда санитардык эрежелерди сактап иш алып барганга аракет кылдык. Бирок көпчүлүк болгондуктан былтыр ковид-19 вирусуна дагы чалдыктым. Мен ооруп калганда, менин ордума Кызыл-Ой айылынын почта кызматкери иштеп жатты.
Суусамыр айыл аймагынын байланыш бөлүм башчысы Айчүрөк Айрыгомованын көп жылдык эмгек тажрыйбасы жана республикалык, облустук, райондук деңгээлдеги сыйлыктары бар.
Айдана Токтобекова