Суусамыр айыл аймагындагы жергиликтүү кеңеште 21 депутат иш алып барат. 7-чакырылыштын депутаттары быйыл жаңы шайланып, айылдын өнүгүшүнө салым кошуу аракетинде.
Бул тууралуу жергиликтүү кеңештин төрайымынын орун басары Тилек Чейнекеева билдирди:
“Азыркы учурда Суусамыр айыл аймагында 21 жергиликтүү кеңештин депутаттары иштеп жатат. 7-чакырылыштын депутаттары шайлангандан тарта айыл ичиндеги жана жайыт жерлердеги жолдорго оңдоо-түздөө иштери жүргүзүлдү. Спорт тармагына дагы көмөк көрсөттүк. Элдик адам болгондон кийин, биринчиден элдин камын ойлоп калат экенсиң.
Мен өзүм ковид-19 вирусуна чалдыккандан кийин ден-соолуктун баркын билип калдым. Оорудан алыс болуу үчүн колубуздан келишинче элге сактануу чараларын түшүндүрүп жатабыз”.
1-Май айылынын тургуну, медицина кызматкери Лида Аширбекова депутаттарга ишеничи чоң экендигин айтат:
“Ковид-19 вирусу жалпы элге терс таасирин тийгизбей койгон жок. 1-Май айылдык ФАПта учурда эпидемиологилык абал туруктуу. Биздин айылда 4 жергиликтүү кеңештин депутаттары иштейт. Депутаттар айылдык ФАПтан жана айыл тургундарынан кабар алып турушат. Бизге эмне жардам керек болсо дароо депутаттарга кайрылабыз. Жергиликтүү кеңештин депутаттары жаңы шайлангандыктан элдин ишеними күч”.
К.Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектебинин директору Азамат Кашкариев Жергиликтүү депутаттардын иштери канааттандырып жаткандыгын билдирди:
“Суусамыр айыл аймагындагы депутаттар колдорунан келишинче иш алып барып жатат деп ойлойм. К.Конушбаев атындагы мектеп тарабынан айыл өкмөтү, жергиликтүү депутаттардын отурумуна катыша элекпиз. Жергиликтүү кеңештин депутаттары элдин чоң жоопкерчилигин алгандан кийин айылдын өнүгүшү үчүн болгон аракеттерин жумшап иштеп жатышат деген ойдомун”.
Суусамыр: Жергиликтүү кеңеш кезектүү отурумга чогулду
Айдана Токтобекова