Адистер психикалык саламаттык кадимки физикалык оорулардай эле маанилүү экенин айтышат. Ковид-19 илдетинен улам адамдарда ички эмоционалдык бузулуулар болуп, көңүл чөгүү, коркуу, тынчсыздануу, уйкусуздук жана жүрөктүн тез-тез согуусу менен коштолууда.
Республикалык психикалык ден-соолук борборунунун жогорку категориядагы врач психиатры Фатима Усенованын айтымында пандемия психикалык жактан адамдарды көп жабыркатты. Өзгөчө нерв системасынын эмоцианалдык жагына таасирин тийгизди. Көп адамдарда коркуу сезими болуп тынсыздануу күчөдү. Алар “өлүп калбаймынбы?” же жакындарын жоготуудан коркушкан. Жакын адамдарынан ажырагандар стресске кабылып жарым жыл жакшы уктабай калган учурлар болду:
“Бардык оорулар нервден деген абдан туура сөз. Ошондуктан психикалык саламаттыкка көңүл буруп дарыгерге кайрылгандан тартынбоо керек. Бизде көп адамдар психиатрга баргандан коркушат. Кеп коркоондо дагы эмес уялып, тартынышат. Эл эмне дейт, алар эмне деп ойлоп калышат. Өзүнчө бөлүнүп калбаймынбы деп кооптонуулардан улам барбайт десем болот.”

Республикалык психикалык ден-соолук борборунунун жогорку категориядагы врач психиатры Фатима Усенова
Ошондой эле адамдарда психиатрга кайрылганда каттоого туруп калып кийин келечекте жумушка орношуу же унаа башкарууга уруксат берилбей калат деп ойлошот. Фатима Усенованын айтымында алар кайрылгандардын барын эле каттоого ала беришпейт. Убактылуу стресстен же жакын адамынан ажыраган учурда пайда болгон тынсызданууну ошол убакта эле даарылап коюшат. Ал эми тукум куучулуктан улам пайда болгон психикалык бузулуулар каттоодо туруп дарылануулары керек.

— Психикалык жактан саламатта болуу үчүн кандай кеңеш бересиз?
“Ар бир адам ар кандай болгондуктан аларга жалпы кеңеш айтуу кыйыныраак. Кээ бир адамдар өтө сезимтал болуп мындай нерселерди жүрөгүнө жакын кабыл алса айрымдар көп камарабайт. Ошондуктан буга жекече адамдардын өзгөчөлүгүнө жараша индивидуалдуу мамиле жасоо зарыл. Адамда психикалык бузулуулар болуп жатканын өзү биле албайт. Анын жакын адамдары байкашы керек. Ошентсе адам өзүн-өзү кармап, туруктуу болуп, өзүн сактоосу керек. Майра-чүйдө нерселерге кыжырданып, ар кайсыны ойлонуп тынсыздана берүүнүн кереги жок. Адам үйдө бош эч нерсе менен алектенбей отуруп калган учурда дагы ар кандай ойлор келип тынсызданып стресске кабылуусу мүмкүн. Ошондуктан өзүңүзгө жаккан нерсе менен алектенүүгө чакырат элем.”
Коронавирустун жаңы штаммы Омикрон 63 өлкөгө тарады
Вакцинасыз ковидди жеңүү мүмкүн эмес
Антибиотиктерди эч качан өз алдынча колдонууга болбойт
Айгерим Кубатбекова