Жакында жергиликтүү кеңештердин депутаттары шайланат. Быйылкы шайлоонун өзгөчөлүгү айылдык кеңештерге аялдар үчүн бөлүнгөн квота 30%ды түзүп, алардын жергиликтүү деңгээлдеги саясатка катышуусуна жол ачылууда.
Ага ылайык, «Аталган мүмкүнчүлүк жергиликтүү маселелерди чечүүдө аялдардын ролун жогорулата алабы?» — деген суроо менен айымдарга кайрылдык.
Алсак, Суусамыр өрөөнүндөгү Тунук айылынын тургуну Нуржан Саякбаева аялдар жергиликтүү кеңешке депутат болсо, көп маселелер чечилерине үмүт артарын билдирип:
«Алар эл менен тыгыз байланышта, үй-бүлөдөгү көйгөйлөр менен жакындан тааныш. Анткени, айылдарда аялдарга тиешелүү көйгөйлөр арбын. Жумушсуздук күч, балдардын татыктуу тарбия алуусуна керектүү мүмкүнчүлүктөр жок. Аялдар депутат болуп шайланып келсе, ушул сыяктуу калктын социалдык маселелери чечүүгө жол ачылат деген үмүтүбүз бар. Биздин айылда жигердүү, колунан көөрү төгүлгөн айымдарыбыз көп. Аял депутаттарыбыз ошолорго көмөк көрсөтүп, кол өнөрчүлүк жана башка багыттарда тигүү ишканаларын ачуу боюнча маселе көтөрүшсө, кичине болсо да иш орундары түзүлмөк», — деди.

Миргул Чупоева
Ал эми Суусамыр айылдык жергиликтүү кеңешине талапкерлигин коюп жаткан Миргүл Чупоева айылдарда эркектер байкабаган, элге билинбеген жана жогорку жактагыларга жетпеген көйгөйлөр көп экенине токтолуп:
«Аялдар, айрыкча айылдык кыз-келиндер тартынчаак, уяң, сабырдуу болгондуктан ичиндеги кайнаган көйгөйлөрдү ачык айта алышпайт, тартынышат. Бирок, айылдарда зордук-зомбулукка кабылгандар, аз камсыздыктан жабыркагандар, социалдык жактан жетишпегендер өтө көп. Аялдар гана аялдардын турмушуна байланышкан ошол көйгөйлөрдү билет, түшүнөт. Андыктан, аны айтып чыгып, ыкчам чечүүнү жергиликтүү кеңешке шайланып калсак депутат айымдар колго алабыз деп айта алам»,- деди.

Рита Алгожоева
Ошондой эле дагы бир талапкер айым Рита Алгожоева: «Квота киргизүү менен эле көйгөй чечилип калбайт. Андыктан, жергиликтүү кеңешке коюп жаткандардын аял, эркегине карабай, сапатына көңүл бурушубуз керек. Ошол эле учурда аялдардын жигердүүлүгү да маанилүү. Көйгөйдү көрө билим, жергиликтүү мүмкүнчүлүктөрдүн чегинде аны чечүүнү да билиши шарт. Биздеги башкы максат 30%дык квотаны натыйжалуу пайдалануу болуп эсептелет», — деп кошумчалады.
Эскерте кетсек, буга чейин жергиликтүү кеңештин 6-чакырылышында айым депутаттар жок.
Жергиликтүү кеңешке талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктады
Нуржаңыл Анарбекова, Малика Макешова, Шахзода Иманкулова