Суусамыр айыл аймагына караштуу Биринчи май айылында спорт зал жоктугуна байланыштуу балдардын кайсы бир спорт түрү менен алектенүүсүнө жана машыгуусуна мүмкүн эмес. Бирок, буга карабастан айылдын кичинекей тургуну Эржан Токтосунов өз алдынча машыгып, «Пенчак силат» оюну боюнча ар кыл мелдештерде ийгилик жаратып келет.
Алсак, спорттун «пенчак силат» түрү боюнча жергиликтүү таймаштарга жана чемпионаттарга катышып, жакында эле өткөн республикалык мелдеште экинчи орунга ээ болду.

4 жашынан бери «Пенчак силат» менен машыгат
Төрт жашынан бери аталган спорт түрү менен машыгып келе жаткан жаш спортчу: «Менин башкы машыктыруучум атам. Атам мени үй шартында эле машыктырып келет. Күнүгө машыгабыз. Мага спорт менен машыккан абдан жагат. Мен 2021-жылдын 31-январында спорттун «пенчак силат» түрү боюнча өлкөбүздө болуп өткөн, өспүрүмдөр арасындагы ачык чемпионатта 2-орунга ээ болуп, күмүш медаль алдым. Андан соң 5-7-мартта өткөн Кыргыз Республикасынын чемпионатында, Азия оюндарына тандоо турунда да 2-орунга ээ болуп күмүш медалдын ээси болдум. Мен Ноокат районунан, Бишкек шаарынан келген спортчулар менен беттештим. Бул менин спортто баштаган алгачкы кадамдарым. Келечекте мектебимди, айылымды, өлкөмдү дүйнөгө тааныткан Дүйнө чемпиону болуп, желегимди желбиретким келет», — деди.

Эржан Токтосунов
Ал эми атасы Токтобек Арзыгулов: «Эржанды кичинекейинен бери спорт менен машыктырып келем. Баламдын кабыл алуусу жакшы. Үйрөткөн ыкмаларымды тез өздөштүрүп кетет. Аракети күч, алдыга койгон максаттарыбыз өтө көп. Буйруса баары акырындык менен ишке ашат, уулумдун келечеги алдыда» — деди.

Карабалта шаарында өткөн турнирде байгелүү орунга ээ болду
Эскерте кетсек, Малайзия элинин мифтерине ылайык, силат мушташ өнөрү архипелагдагы уруу топтору тарабынан жаныбарлардын кыймылын жана жаратылыш кубулуштарын байкоо учурунда иштелип чыккан. Убакыттын өтүшү менен согушуу ыкмаларын тутумдаштыруу жүрүп, согуш өнөрүнүн жалпы түрү катары иштелип чыгып, ал пентак силат деп аталган. Бул мушташ өнөрү бирдиктүү стандартка ээ эмес. Ар бир стилде өзүнүн кыймыл-аракет өзгөчөлүктөрү, атайын иштелип чыккан ыкмалар жана тактикалык негиздер бар. Бул көптөгөн согуш ыкмаларынан турат. Техниканын көпчүлүгү кармашуу жана соккулардын айкалышы катары калыптанган.
Видео: Куланакта спорттук мелдеш
Сумая Эрнисова