30-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт. Бул шайлоо – биздин райондун жана жалпы өлкөнүн келечегин аныктай турган өтө маанилүү саясий окуя.

№14 Токтогул бир мандаттуу шайлоо округу . Жалпы 12 талапкер ат салышууда. Ар бир шайлоочу бирден гана талапкерге добуш бере алат.
Эмне үчүн бул шайлоо маанилүү?
Бул шайлоодо биз Жогорку Кеңеште Токтогул элинин үнүн өкмөткө жеткире турган өкүлдү тандашыбыз керек. Бизге жөн гана депутат эмес, чыныгы Көпүрө боло ала турган адам керек. Ал көпүрө:
Элдин көйгөйлөрү (инфратүзүм, таза суу, жумуш орундары) менен Өкмөттүн ортосунда байланыш түзөт.
Айыл-айылдагы жергиликтүү маселелерди Бишкекке жеткирип, чечүүгө аракет кылат.
Чыныгы элдин камын ойлоп, райондун өнүгүүсүнө салым кошот.
Кантип туура тандоо жасайбыз?
Сиз добуш берээрден мурун, 12 талапкердин ар биринин:
Программасын кылдат окуп чыгыңыз.
Буга чейинки иштерин жана тажрыйбасын баалаңыз.
Адеп-ахлагына жана элге болгон мамилесине көңүл буруңуз.
Келиңиздер, Токтогулдун келечеги үчүн жоопкерчиликтүү чечим кабыл алып, татыктуу, иштерман жана элдин ишенимин актай ала турган инсанды шайлап алалы!
Баарыңыздарга ийгилик! Шайлоо ийгиликтүү жана адилеттүү өтсүн!
Даярдаган: Азема Кудуева