Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялаган. 2019-жыл аймактарды мындан ары өнүктүрүү жана коомдун күнүмдүк турмушуна жаңы технологияларды киргизүү максатында жарлык чыгарды. Ушул жарлыка ылайык, Бакай-Ата району боюнча, эмне иш-чаралар болуп жатканы тууралуу, түз эфирде маек болду.
Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун Акими Чолпонбек Төрөкулов «Демократия сааты» программасына конок болуп кетти. Түз эфирде, район тууралуу болуп жаткан иш-чаралар, жаңы долбоорлор жана программалар жөнүндө айтып берди. Эфир алкагында социалдык тармактардан угармандардан келген дагы суроолор болуп, түз эфирден айыл тургундары жооп алышты.
«Демократия сааты» долбоору Кыргызстандагы Фридрих Эберт атындагы Фонд тарабынан каржыланат. Уктуруудагы ой-пикирлер Фонддун көз карашын чагылдырбайт.
Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова