20- август күнү, Бакай-Ата айылынын тургундары үчүн Айыл Өкмөттүн бюджети тууралуу туз эфирде талкуу болуп өттү. Талкуу “Демократия сааты” программасынын алкагында уюштурулду.
Бюджет бул айыл-өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүн аныктаган олуттуу саясий документ. Бюджеттин түзүлүш жана бекитилиш процесси жарандар жана ЖӨБнун бюджет кантип кабыл алынаарын жана аткарыларын түшүнүшүн талап кылат.
Түз эфирде, даярдалган суроолорго жергиликтүү Айыл Өкмөттүн башкы бухгалтери Ислан Садабаев жана жергиликтүү депутат Аскат Омуралиев жооп беришти.
«Демократия сааты» долбоору Кыргызстандагы Фридрих Эберт атындагы Фонд тарабынан каржыланат. Уктуруудагы ой-пикирлер Фонддун көз карашын чагылдырбайт.
Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова