Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев «Радиомост» радиосунун түз эфиринде 2019-жылы Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына карата облуста аткарылып жаткан иш- аракеттер жөнүндө маалымат берди.
«Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыя кылганы эң туура деп эсептейм. Себеби, аябай жакшы иш-чаралар өтүп, 2 млрд 300 млн 143 миң сом жалпы ушул региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында бөлүнүп, жакшы натыйжаларды берүүдө. Талас облусу боюнча айта кетсем, сугат сууларды элге жеткирүү, аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында 2018-жылы 13 БСРди ишке бердик жана бул БСРлерди жасаган соң быйыл жакшы натыйжа берип, суу жетпеген жерлерге суу жетип, дыйкандардын өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү көтөрүлдү.
Быйыл 2019-жылы да кошумча БСР, БДРлер жасалып, биздин үнөмдөөнүн эсебинен мамлекетке 26 млн сом үнөмдөп бердик. Ушу Президентибиздин жарлыгына ылайык, буга чейин 11 млн сомдун тегерегинде налог көтөрүлүп турса, 2018-жылы 2017-жылга салыштырмалуу биз 98 млн сомго налогду көтөрүп, бул каражаттарды бюджетке котордук. Андан тышкары, Талас облусундагы Кыргыз-Казак Чоңкапка чек ара постунан экспорт- импорт 11 млн сомдон ашчы эмес, биз ошону 43 млн сомго көтөрө алдык.
Быйыл кудай буюруса Таласта көчмөндөр оюнун өткөрүү үчун болгон аракетибизди жасап, эң мыкты деңгээлде өткөрүп алабыз деген ойдобуз».
Даярдаган: Шамиль Мурат