Кочкор айылынын борборунда жөө жүргүнчүлөр үчүн атайын светофорлор орнотулду. Бул демилгени Ормон хан айыл өкмөтүнүн депутаттары 2025-жылы көтөрүп чыгышкан. 2026-жылы эки жолдун тилкесинде светофорлор коюлду.

Кочкор айылынын борборуда жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында жаңы светофорлор орнотулду. Бул чара унаа кыймылы көп болгон жол тилкесинде жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу үчүн көрүлдү.

Жаңы светофорлор жөө жүргүнчүлөргө жолду коопсуз өтүүгө шарт түзүп, айдоочуларды да жол эрежелерин так сактоого чакырат. Айрыкча мектеп окуучулары, карыялар жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн бул жаңылык абдан маанилүү болду.

Райана Жумадилова, Мырзайым Төлөбекова