Мындай маалыматты Ак-Талаа РИИБнүн башчысы М.Шейшекеев аймактарда өтүп жаткан отчеттук жыйындарда билдирди. Анын айтымында райондун аймагында да телефондогу вотсап тиркемелери аркылуу ири көлөмдөгү каражатка алданып жаткан жарандар жок эмес.
«Кибер шылуундар жарандардын вотсап номерлерин бузуп, андагы контакттарга ар кыл себепти айтып жазып, акча сурап жатышат. Мындай учурда кайсы таанышыңыздын атынан жазып жатса чалып сурагыла. Ошондой эле VML кампаниялар акчаңды көбөйтөбүз же арзан асыл тукум мал сатабыз ж.б дешет. Бирок акча эч качан жеңил жол менен келбейт» деди М.Шейшекеев.

М.Шейшекеев-Ак-Талаа РИИБнүн начальниги (Солдо биринчи)
Ал эми район прокурору Б.Акматов интернет шылуундук боюнча жарандын 900 миң сомун алдаткан учур катталганын, иш козголгонун кошумчалап, ошол эле учурда мал уурулук күчөп жатканын, буга себеп мал ээлери аларды жайытка кое берип, көзөмөлгө албай калганында: «Малды майда барып карагам, сентябрда барсам жок экен деген жарандар көп. Мындан сырткары мал менен коштолгон жол кырсыктары да көбөйүүдө»-дейт Б.Акматов.

Б.Акматов-Ак-Талаа районунун прокурору (оңдон экинчи)
Укук коргоо органдарынын жетекчилери аймактарда өтүп жаткан бардык жыйындарда жарандарды шылуундарга алданып калбоого чакырууда.
Барчын Мамытбекова