Токтогул районуна караштуу Кетмен-Дөбө айыл аймагындагы Данканай орто мектебинде “Өмүрү — үлгү, сөзү — акыл, иши — дем” аталышындагы таасирдүү тарбиялык иш-чара өткөрүлдү. Бул сабак мектеп окуучулары үчүн жөн гана жолугушуу болбостон, чыныгы жашоодогу элге кызмат кылган жетекчилер менен баарлашуу болду. Конокто Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Болот Багымбаев, Абди Сүйөркулов айыл өкмөтүнүн башчысы Өскөн Жаманкулов, Чолпон -Ата айылнын чыгаан уулу, кыздары Н.Райымбеков, А.Жумалиев, К.Жээнбева, К.Нургазы уулу, Г.Темирбекова жана ата-энелер болушту. Иш-чараны мектептин мугалими,жергиликтүү кеңештин депутаты Рысгүл Токтоназарова 2-класстын окуучулары менен биргеликте өттү. 
«Бул жолугушуу жөн жерден болуп калган жок. Балдар жаңы жыл алдында Аяз атага кат жазып, ал катта өздөрүнүн чоң кыялы — элдин уулу, кызы болгон, коомдун өнүгүүсүнө салым кошуп жаткан инсандар менен жолугушууну суранышкан. Бул кат өз дарегине жетип, айыл аймактан чыккан мыктылар балдардын үнүн угуп, алар менен жүзмө-жүз жолугууга келишти. Бул окуя окуучулардын кыялынын орундалышы гана эмес, келечекке болгон ишенимин арттырган, таасирдүү тарбиялык саатка айланды. Балдардын жүзүндөгү кубаныч, шыктанып суроо берип, жооп уккандагы көз караштары — алардын чоң ой менен чоңойуп жатканынын далили болду. Жолугушууга келип, балдардын дүйнөсүнө жарык алып келген ар бир меймандын жаркын сөздөрү жана жылуу мамилеси жаш муундун жүрөгүндө узакка сакталарын терең ишеним менен айта алам» дейт Рысгүл Токтоназарова.

Окуучулар өздөрү даярдаган ырларын ырдап, бийлерин бийлеп жана көркөм окууларын окуп беришти. Коноктор өз өмүр жолу, кесиби, жашоодогу кыйынчылыктарды жеңүүдөгү тажрыйбасы тууралуу бөлүшүп, окуучуларга дем-күч берип, келечекте туура багыт тандап, өз мекенине кызмат кылууга үндөштү. Окуучулар конокторго кызыгуу менен суроолорду берип, чыныгы жашоодогу ийгиликке жетүүнүн жолдору тууралуу көп баалуу маалыматтарга ээ болушту. Алардын жүзүндөгү кубаныч, көз караштарындагы шыктануу — жаш муун чыныгы баатырларды көрүп, чоң ой менен чоңоюп жатканын тастыктады.

Жолугушууну өзгөчө жана маанилүү бөлүгү — ар бир конок өздөрү менен кошо бирден китеп белекке алып келгендиги болду. Бул белек окуучуларды билимге, өз алдынча изденүүгө жана китеп окууга шыктандырды. Китеп — адамдын ой жүгүртүүсүн кеңейткен, акыл-эсин өстүргөн, келечекке багыт көрсөткөн эң баалуу байлык. Коноктор бул белек аркылуу жаш муунга «китеп окуу менен дүйнөнү жеңсе болот» деген терең ой калтырды.


Мындай жолугушуулар жаштарга дем берип, келечекте эл үчүн кызмат кыла турган жаңы муундун калыптанышына өбөлгө түзөт. Ар бир мейман алып келген жарык маанайы менен жаштардын дүйнөсүнө нурун чачып, узакка сактала турган мотивация тартуулай алды.
Даярдаган: Азема Кудуева, Аделя Бакытбекова, Арууке Эсенбекова.