№43 кесиптик лицейдин жамааты Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 95 жылдыгына жана айыл чарба кызматкерлеринин күнүнө карата уюштурулган көргөзмөгө катышышты. Бишкек шаарындагы «Агротехэкспо-2023” агроөнөр жай көргөзмөсү менен биргеликте ORGANIC-EXPO-2023 органикалык көргөзмөсү жана «Алтын күз” айыл чарба көргөзмөсү эски аянтта өткөрүлдү.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 95 жылдыгына жана айыл чарба кызматкерлеринин күнүнө карата уюштурулган көргөзмөнүн ачылышына президенттик администрациясынын жетекчиси, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековдор катышты.
Жаңы-Жер айылындагы №43 кесиптик лицейдеги органикалык азыктарды өндүргөн дыйкан-фермерлер, ашпозчу-кондитер-набайчылар жана тигүүчүлөр кесибинде окуган жаш адистер өздөрүнүн өндүргөн продуктуларын эл баасына жайды.
Аталган көргөзмөдө заманбап технологиянын үлгүлөрү, кайра иштетүүчү жабдуулар, үрөндөр, жер семирткичтер, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары, асыл тукум мал жандыктар, органикалык продукциялар көрсөтүлүп, мастер-класстар жана сынактар уюштурулуп, органикалык айыл чарба азык-түлүгүнүн бардык түрлөрү сатылат.
Эскерте кетсек, «АгроТехЭкспо» көргөзмөсү бир нече жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет. Быйыл 20-октябрда башталган иш-чара 23-октябрга чейин уланды.
Турсун Омуралиева