Сокулук районундагы №43 кесиптик лицейде кышка карата кулпунай өстүрүү аракети жүрүүдө. Лицейдин жамааты жер тилкелерине отургузулган кулпунайды көбөйтүү үчүн, кышкы күнөсканаларга отургузуу ишин башташты.
Жаңы-Жер айылындагы №43 кесиптик лицейде быйылкы жылы кулпунай өстүрүү ишкерлигин колго алышкан. Жер тилкелерине Альбион жана Клери сорттору отургузулуп, түшүм алууга жетишишти. Алынган түшүм «ашпозчу-кондитер» кесибинде окуган адистердин өндүрүштүк окутууларында кондитер азыктарын жасоодо колдонулууда. Ал эми азыркы учурда ошол кулпунайдын мурутчаларынан көбөйтүү ыкмасын колдонуп кышкы күнөсканаларга отургузуу иши башталды.
Кулпунайдын мурутчаларынан түшүмдү көбөйтүү ыкмасы
Кулпунайдын кесилген мурутчалары
Мурутчалар кулпунайдын эң жакшы мөмө берген өсүмдүктөрдөн алынат, ошондо гана жакшы түшүм беришет. Кулпунайды күзүндө отургузуу жакшы.
Күнөсканага отургузуу алдында кулпунайдын кесилген мурутчаларын даярдоо
Кулпунай — укмуштуу маданият, бирок туура отургузулган жана жакшы кам көрүлгөн болсо, алар жыпар жыттуу, таттуу мөмөлөр менен ээлерин кубандырат.
Турсун Омуралиева