Бүгүн Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43-кесиптик лицейдин тигүүчүлүк кесибинде окушкан окуучулар жыйынтыктоочу экзаменди ийгиликтүү тапшырышты. «Тигүүчү» кесибинин устаты Нургүл Абылкасымова жыл бою окуучуларга кесиптик билим берүү менен өндүрүштүк практикалык окутууларды уюштуруп, кесипке даярдады. Ден соолугунан мүмкунчүлүгү чектелген өзгөчө окуучуларды окуткан устат Нургүл Абылкасымова жаш адистердин жыл бою аткарган жумуштарын көргөзүп берди.
Бүгүнкү күндүн бул сынагына тырышчаактык менен даярданган студенттердин өзгөчө жоопкерчилиги, аракеттери аткарган иштеринде көрүнүп турду.Чындыгында алардын аракети текке кеткен жок, экзамендин жыйынтыгы окуучуларды да, мугалимдерди да кубандырды. Эми студенттер келечекте аларды күтүп турган жаңы жетишкендиктерге жана кыйынчылыктарга даяр.
Б.С.Шаршенбаев атындагы №43-кесиптик лицейде 16-жылдан бери ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген окуучуларды кесипке үйрөткөн Нургүл Абылкасымова өзү окуткан окуучулары жөнүндө төмөнкүчө оюн билдирди:
“Мен ар жылы тайпага 8 ден окуучуну алып окутамын. Бул балдар өзгөчө балдар. Кесипке үйрөтүүдөн мурда ар бир окуучунун ден-соолугу,эмнеге жөндөмдүү экенин, анын колунан келе турган мүмкүнчүлүктөрүн карап, ошого жараша үйрөтөмүн. Мына бул окуу кабинетибиздеги терезелерге кооздук берип турган азем буюмдар ушул балдардын колдорунан чыкты. Мен окуучуларымды эң сонун жеңиши менен куттуктаймын жана алардын кесиптик ишмердигинде мындан аркы ийгиликтерди каалаймын. Мен өз окуучуларым менен сыймыктанам. Анткени булардын колдорунан баары келген өнөрү күч өзгөчө балдар”
Айта кетсек, бул лицейде өзгөчө балдар үчүн атайын инклюзивдик окутуу ыкмасы менен программалар жүргүзүлөт. Ар бир окуучунун жөндөмүнө жараша ашпозчулук, жер жемиш өстүрүүчү же болбосо тигүүчүлүк кесиптерге үйрөтөт.
Турсун Омуралиева