Маалымат каражаттарынын, социалдык медиада контент жаратуучулардын тынчтык куруудагы ролу абдан чоң. Анткени негизги курал катары маалымат колдонулат. Кыргызстанда социалдык медиаларда 5 млндон ашык адам катталып, маалымат окушат, бөлүшөт. Ошондуктан маалымат аркылуу адамдарды бөлүп жаруучулукка дагы алып барса болот, тынчтыкты орнотсо дагы болот.
Мындай ой-пикирин “Prevention media” платформасынын негиздөөчүсү, медиа эксперт Алмаз Исманов билдирди, толугу менен Жамааттык медианын Элсобол көрсөтүүсүнөн кенен көрө аласыз. Шилтеме алдыда.
************************************************************************************************************
Бул материал Бириккен Улуттар Уюмунун Тынчтык куруу фонду тарабынан каржыланган жана Жамааттык ЖМКлардын Бирлиги тарабынан ишке ашырылган БУУӨП менен ЮНЕСКОнун биргелешкен долбоорунун алкагында даярдалды.
Айгерим Кубатбекова