Сокулук районуна карашуу Жаңы-Жер айылындагы №43 Кесиптик лицейде “Модуль аралык баалоо” уюштурулду. Баалоо иш чарасына окуучулардан сырткары ата-энелер, кызыкдар тарап жана социалдык өнөктөштөр да катышып өз бааларын беришти.
Аталган лицейдин окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары Асира Назарматованын айтуусу боюнча:
«Кесиптик билим берүүчү окуу жайы – бул белгилүү эмгектик иш-аракет тармагындагы билим, практикалык билгичтиктер жана көндүмдөр системасы.
Кесип ээлерин даярдоонун квалификациялык деңгээли боюнча кесиптик билим берүү баштапкы, орто жана жогорку болуп бөлүнөт.
Биздин кесиптик окуу жайыбыз, келечекте өнүгүп-өсүшүн жана дүйнөлүк эмгек рыногунда жогорку квалификациялуу жана атаандаштыкка туруктуу адистерди даярдап чыгарышын каалайбыз.»
«Биздин устаттар– бул окуу жайдын продукциясынын башкы керектөөчүсү болуп саналат. Окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнүн кесиптик шык-билимдеринин (компетенцияларынын) сапаты канчалык экендигин анализдейбиз.
Бүтүрүүчүлөрдүн шык-билимдерине (компетенцияларына) эмнелер жетишпей жаткандыгын жана алардын жумушка адаптациялануу процессинде эмнелер кыйынчылык жараткандыгын изилдөө үчүн бүтүрүүчүлөр менен дайыма байланышып турабыз.
Себеби алардын кеңештери, эскертүүлөрү, сунуштары биз үчүн чоң роль ойнойт. Алар, бизге бул окуу жайдын мыкты болушуна мүмкүндүк берип жакшы сунуштамаларды түзүүгө жардам беришет.»
Ал эми Кесиптик лицейде уюштурулган «Модуль аралык баалоо» боюнча Абдихофис Бердигулов маалымат төмөнкүчө берди:
«Повар, кондитер, пекарь» кесибин алуучу 4-3ПКП-20 тайпасынын окуучулары «Ун кондитер азыктары үчүн толтурма, жасалгалоочу чалафабрикаттарды жана кооздуктарды даярдоо» жана «Ачыткы кошулбаган камыр жана андан азыктарды даярдоо» кесиптик модульдары боюнча биринчи жарым жылдыкта баалоодон өтүштү.
Айыл чарба өндүрүшүнүн устаты кесибин алуучу 21-3МСП-21 тайпасынын окуучуларынан
“Кол жана машина иштери” жана “ичтелбеген кийимдердин бөлүктөрүн жана түйүндөрүн иштетүү” кесиптик модульдары боюнча баалоо процесси 1-Ш-21 (ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар) группасынын окуучуларында уюштурулду.
Баалоо иш чарасына окуучулардан сырткары ата-энелер, кызыкдар тарап жана социалдык өнөктөштөр да катышып өз бааларын беришти.
Башталгыч кесиптик окуу жайлары негизинен оор өнөр жайлары, курулуш, транспорт, байланыш жана айыл чарбасын механизациялоо боюнча жумушчуларды даярдашкан.
Учурда инновациялык технологиялар укмуштуудай ылдамдыкта өнүгө баштаганы жумушчу кадрларын даярдоого башкача жаңы талаптар коюлууда. Натыйжада жаштарга кесиптик-техникалык билим берүү өзгөчө мааниге ээ болуп келет.
Турсун Омуралиева