Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылындагы №43 кесиптик лицейде Бүткүл дүйнө жүзү боюнча Эл аралык эко-гастрономиялык кыймылынын мүчөлөрү менен биргеликте Slow Food «Жер Эне” жана Slow Food 30-жылдыгына карата Slow Food лабораторисынын ачылыш аземи өткөрүлдү.
Туруктуу өнүгүү стратегиясы институтунун (ИСУР) программасынын колдоосу менен өткөрүлгөн иш-чарага Бүткүл дүйнө жүзү боюнча Эл аралык эко-гастрономиялык кыймылынын мүчөлөрү да катышты.
Иш-чаранын жүрүшү боюнча «Ашпозчу» кесибинин устаты Чынара Алиева айтып берди:
«Биздин кесиптик лицей мындай иш-чараларды байма-бай өткөрүп турат. Ал эми Slow Food жөнүндө айта кетсем, Slow Food дун 3 принциби бар: Таза, даамдуу, чындык принциптери менен тамак жасоо. Ошол принциптерди колдонуп лицейдин ашпозчу кесибинин окуучулары салттуу кыргыз тамактарын изилдеп кардарларга таза, даамдуу, ден соолугуна зыян келтирбеген азык түлүктөрдөн нукура тамактарды даярдоону үйрөтүп жайылтууну максат кылууда.
• Даамдуу: Жаңы жана жыттуу мезгилдик (сезондук) азыктар, алар сезүү органдары үчүн жагымдуу жана жергиликтүү маданияттын бир бөлүгү болуп саналат.
• Таза: Тамак-аш азыктарын өндүрүү жана колдонуу, ал айлана-чөйрөгө, жаныбарлардын бакыбаттулугуна жана адамдын ден-соолугуна зыян алып келбейт.
• Чынчыл: Керектөөчүлөр үчүн арзан баалар, туура акы төлөө жана өндүрүүчүлөр үчүн жакшы эмгек шарттары болуу керек.»
Туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын институту» («ИСУР») коомдук фонду (КФ) – 2012-жылы түзүлгөн, өкмөттүк эмес уюм, Кыргызстанда туруктуу өнүгүү концепциясын өркүндөтүүгө карата иштерди алып барат. Фонддун ишмердүүлүгүнүн негизги фокусу салттуу билимдерди сактоочулардын жана тажрыйбалардын аракеттерин колдоого багытталган, алардын ролу: кам көрүү, тааныштыруу, билимдерди түшүндүрүү, мамиле кылуу, биологиялык түрлөр, искусствонун формалары жана муундан муунга өткөн биомаданий ар түрдүүлүк.
Турсун Омуралиева