Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы №43 Кесиптик лицейинин директору Бактыгүл Жусупова «Айыл чарбасынын отличниги» медалы менен сыйланды.

№43 Кесиптик лицейдин директору Бактыгүл Жусупова «Айыл чарба отличниги» медалы менен сыйланды.

BIO-KG органикалык кыймыл федерациясынын директору Искендербек Айдаралиев «Айыл чарба өндүрүшүнүн устаты» кесибинде окуган окуучулардын жасаган макеттери менен таанышууда.
Кесиптик лицейге жалпы делегация менен келген BIO-KG органикалык кыймыл федерациясынын директору Искендербек Айдаралиев сыйлык тапшыруу учурунда:
«Лицейдин айыл чарба мүмкүнчүлүктөрүн эске алганда анын келечеги кең. Бул №43 кесиптик лицейи келечектеги фермерлерди гана даярдабастан, BIO-KG уюму менен биргеликте окуучуларга органикалык дыйканчылыкты үйрөтүүдө»- деп баса белгиледи.

№43 Кесиптик лицейдин окуучулары, органикалык жер семирткичтерди даярдоо ыкмасын айтып берүүдө.
Турсун Омуралиева