Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги АЮ GRAND соода борбору менен биргеликте: Бешинчи Бишкек кулинардык «Жаш ашпозчу» фестивалы уюштурган конкурска №43 Кесиптик лицейден «Ашпозчу-кондитерь-наабайчы» кесибинин окуучулары катышты.
Кыргыз Республикасынын Ашпозчулар Ассоциациясынын төрагасы Казакстан, Сербия, Пакистан ал тургай Сауд Аравиясынын да шеф-ашпозчуларынын биримдиктеринин ардактуу мүчөлөрү Шухрат Шарипов жана Берик Эгембердиев, Эрнест Сайпидиновдор конкурста калыстык кылышты.
№43 Кесиптик лицейде “Ашпозчу” кесибинин көп жылдык тажрыйбалуу мастери Динара Абакованын айтуусунда:
«Биздин лицейдин окуучулары 5-Бишкек кулинардык “Жаш ашпозчу” конкурсуна катышты. Конкурска чейин биз өзүбүз лицей ичинде окуучулар аасында кастинг жарыялап, мыкты деген окуучуларды тандадык. Жыйынтыгында лицейде алдыңкы окуучуларын катарын толуктаган Тоджидинова Зайтуна жана Мирзамамутова Гулзада, Замир уулу Бегаалы, Калыгулова Малика конкурска катышууга мүмкүнчүлүк алышты.
Албетте, биздин лицей кыска убакытта даярдык көргөндүктөн окуучуларыбыз сарсанаа болбой койгон жок. Бирок лицейдин директору Бактыгүл Мусаевнанын берген насааты аларды шыктандырды.
Ал окуучуларга: «Силер жөн гана ашпозчу эмессиңер! Ашпозчу- бул кесиптик ашпозчу болуш керек. Ал үчүн туура даярдыктан өткөн жана тамак-аш даярдоонун бардык тармактарын мыкты билген, көбүнчө тазалыкка, ысырапкорчулукка көңүл бурган ашпозчу болууга үйрөнгүлө.
Келечекте силер ашпозчулук кесипти өздөштүрүп кетсеңер анда силерге кеңеш береер элем. Ашпозчу — бул бир эле учурда жүзүн жууй алган, ашкана ишин, ресторанды же башкасын башкара билген, жетектөө жана ийгиликтерди жаратуу үчүн келечекти көрө билген адам болуу керек. Ошондуктан ушундай конкурстарга дайыма катышкыла. Бул силерге тажрыйба топтоого чоң өбөлгө болот»,- деди.
Окуучулар: «Бактыгүл Мусаевнанын айткандарын конкурстун шарттарында эстедик. Себеби конкурстун шарты боюнча дагы эженин айткандары дал келгенин байкадык», -дешти.
Конкурстун шарттары боюнча:
• Катышуучулардын сырткы көрүнүшү,
• жумуш ордун тазалыгы,
• продукцияны сарамжалдуу пайдалануу,
• кооз презентация,
• убакытты туура пайдалануусу,
• даамы,
• ингредиенттердин айкалышы бааланды.
Берилген тапшырмалар: койдун этинен, балыктан, камырдан тамак жана десерт жасоо болду».
Жыйынтыгында, №43 Кесиптик лицейдин 2-курстун окуучусу Мирзамамутова Гулзада 3 орун алып коло медаль менен сыйланды.
Турсун Омуралиева