Дүйнө жүзүндө жашаган элдердин бардыгын, жаратылыш, жер, табият, суу, аба тамактандырарын билдим. Көрсө биз тамактануу үчүн гана жашабай, аларды сактап, коргошубуз керек экен. Аларды коргоо үчүн “Биологиялык маданияттын ар түрдүүлүгүн” үйрөнүшүбүз зарыл.
Мен Эсенкан уулу Кадырбек Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кара-Суу айылындагы Шапак Рысмендеев атындагы орто мектепте 9-классты аяктаганмын. Учурда Чүй облусундагы, Сокулук районуна караштуу, Жаңы-Жер айылындагы, №43-Кесиптик лицейде “Ашпозчу-кондитер-навайчы” кесибинде окуп жатамын.

Эсенкан уулу Кадырбек Нарын облусуна караштуу Кочкор районундагы Кара-Суу айылынан болот. Учурда Жаңы-Жер айылындагы №43 Кесиптик лицейде билим алууда.
Мен бул №43 кесиптик лицейде окуганы жаңы тажрыйбаларды, жаңыча ыкмаларды үйрөнүп жатамын. Мен жаңы келгенде “Биологиялык маданияттын ар түрдүүлүгү” деген сөздү чечмелей албай жүргөм.

Эсенкан уулу Кадырбек «Ашпозчу-кондитер-навайчы» кесибинде окуйт
Жакында бизге лицейдин мүдүрү Бактыгүл Жусупова: “Биологиялык маданияттын ар түрдүүлүгү”- аба-ырайынын күтүүсүз өзгөрүлүштөрүнө туруктуу болуп, өсүмдүктөрдү өстүрүүдө, жан жаныбарларды багууда, салттуу билимди пайдаланып жаңыча жашоого көнүгүү жана үйрөнүү” деп түшүндүрдү. Андан да кызыгы, “Туура тамактануу-дени сак улут” экендиги жөнүндө жакшы маалыматтарды айтып берди.
Устатым Айзада Султанбаева бизге бул темада дайыма айтып, бизге сабак өткөн сайын каада салттык ыкмаларды пайдаланат. Лицейдин архивинде сакталган видеотасмалардан биздин лицей “Слоу-фуд”(Жай тамактануу) боюнча 2015-жылдан бери иш жүргүзүп келерин билдим. Биздин лицейде ИСУР дун долбоорунун алкагында “Слоу-фуд” боюнча ар кандай фестиваль, семинар-тренингдерди, конкурстарды, өткөрүлөт экен. Мен анын баарын видеотасмадан көрдүм.
“Ашпозчу-кондитер-наавайчы” кесибин үйрөнүп жатып мен өзүмдүн кесибимди туура тандаганыма ынандым.

Устатым Айзада Султанбаева эжебиз, өндүрүштүк окутууда «Диско-дасторкон жөнүндө айтып берди»
«Окуу – билим азыгы, билим-ырыс азыгы» дегендей, бизди кесиптик багытта окутуп, таалим-тарбия берип, келечегибизге жол ачкан – менин сүйүктүү лицейим болот. Ал эми ар бир өспүрүмдүн мүнөзүнө жараша мамиле кылып, биздин жөндөмүбүзгө, шыгыбызга жараша кесипке үйрөткөн, турмуш жолуна салган биздин мугалим-мастерлерге ыраазычылык айтар элем.
Бул лицейде өлкөбүздүн ар тарабынан келген окуучулар окушат. Лицейде “Айыл чарба өндүрүшүнүн устаты”, “Тигүүчү”, “Туристерди коштоочу”, “Ветеринар”, “Тракторист” ж.б. сыяктуу көптөгөн кесипке окушкан курсташтарым бар.
Менин бул лицейдин өзгөчө Каада-Салттарга үйрөтүүсү, табигатта таза, накта жашоого тарбиялап, ысырапчылыкка жол жок деп үйрөтүүсү менин жашоого көз карашымды өзгөртүп, көзүмдү ачты.

№43 Кесиптик лицейден, кыргыздын каада -салттык ыкмаларын өзүбүздүн кесипке байланыштырып окуп үйрөнүүдөбүз. Мен, өзүм билбеген кыргыз салттарын үйрөнүүдөмүн.
Каада-салттар биздин элибиздин жашоо турмушунун башаты, тарыхы, тамыры жана өзөгү. Каада-салтсыз эл жок болсо керек. Биздин лицейде, каада-салтка жогорку деӊгээлде көӊүл бөлүнүп келет.
Кесиптик лицей мөмө- жемиш бактарды кыйыштыруу ыкмасын үйрөтөт
Турсун Омуралиева