Билим берүү бөлүмү тарабынан берилген буйруктун негизинде Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинде окуучуларга жана ата-энелерге «48 саатка жогол» аттуу интернет түйүнүнөн таркаган опурталдуу оюн боюнча түшүндүрүү иштери болуп өттү.
Жыйында мектеп директору Давлет Омурзакова бул оюн боюнча түшүндүрүп, окуучуларды бул оюнду ойнобогула андан көрө сабакка керектүү сайттарга кирип, билимиңерди тереңдеткиле деди.
Аталган оюн боюнча мектептин социалдык педагогу доклад окуду.
Балдар иштери боюнча милициянын кызматкер Мамытов Эрнис окуучуларга кеңири түшүнүк берип, жакшы окуп, Мекенге кереги тийген инсандардан болгула деди.
Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ