Ооган-Талаа айылындагы Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинде акыл ордо интелектуалдык оюну болуп өттү.
Оюнду мектептин кошунун башчысы, демократия лагеринин активдүү катышуучусу Алиев Сыймык даярдап, алып барды.
Акыл ордо оюнуна 8-9-10-11-класстарынын окуучулары менен класс жетекчилери катышып, өздөрүнүн билими, интеллектуалдык деңгээли менен күч сынашты.
Оюнда категориялар берилип, топтор категорияларды тандап андагы суроолорго жооп беришти. Улуу инсандар, спорт, дүйнөлүк сыйлыктар, география, математика, кыргыз тил, макал- лакаптар, областтар деген категориялар болду.
Акыл ордо оюнунун соңунда биринчи орун 11-классы, 2-орун 10-классы, 3-орунду 8-9-класстары алышты.

Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ