Базар-Коргон районундагы баардык мамлекеттик ишканаларда, ошондой эле Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн билим берүү мекемелеринде, балдар бакчаларында ишембилик болуп өттү.
Жаздын келиши менен айлана чөйрө жанданып, жаздын биринчи күндөрүндө Базар -Коргон райондук билим берүү бөлүмү тарабынан ишембилик өткөрүү демилгеси коюлуп, билим берүү мекемелеринде, балдар бакчаларында тазалоо иштери болду.



Ишембиликке мамлекеттик ишканаларда иштеген бардык жарандар тартылды.

Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ