Могол айыл аймагындагы Чарбак айылына Жогорку кеңештин депутаттары келип, эл менен жолугушту.
Сайдилла Нышанов баш болгон Жогорку кеңештин депутаттары эл менен жолугушуудагы башкы максаты Чарбак айылынын ичүүчү таза суу маселеси болсо, кийинкиси жаш бөбөктөргө балдар бакчасын куруу маселелери болчу.
Бул жолугушууга Правда, Көк-Тонду, Чкалов,Ооган-Талаа, Кызыл-Суу айылдарынан келген аксакалдар кеңеши, айылдардагы тургундар келишти.
Келген депутаттардын ичинен Сайдилла Нышанов таза суу маселеси чечилип жатканын, тез арада бүткөрүлүп ишке киргизилерин айтып кетти.
Жыйынга келген эл өз суроолорун беришип, жооп ала алышты.
Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ