Нарын районунда «Секом» билим берүү мекемеси 2015-жылы түзүлгөн. Жылына ЖРТ га карата тездетилген даярдоо курсуна 90го чукул окуучулар келип, окуп кетишет. Окуучулар Нарын районундагы айылдардан, шаардан келип окушат.
Эң алгач «Секом» билим берүү мекемеси 1996-жылы түзүлүп, өлкөнүн ар бир облусунда филиалдары ачылган. Нарын облусундагы «Секом» билим берүү мекемеси каникул маалында тездетилген курстарды өткөрүшөт.
Биринчи ирээтте бул мекеме тил үйрөтүү жана компьютердик курстарды ачкан. Тил үйрөтүү бөлүгүндө англис тили менен түрк тилдерин үйрөтүшчү. Учурда Жалпы республикалык Тестке даярдоо боюнча иш алып келишет. Ага 9-10-11-класстарды курска кабыл алып, даярдашат. Окуу китептер атайын такталып, талапка ылайык басып чыгарылат. Жыл сайын ЖРТ тестин тапшырмаларына негизделип түзүлөрү анык.
Курсту аяктаган окуучулардан «Алтын сертификатка» ээ болгондо бар. Алдыңкылары 177-188-200 балл алышат. Бул тууралуу Нарын «Секом» мекемесинин мүдүрү Майрамбек Самсалиев төмөнкүдөй билдирди:
» ЖРТ тесттин логикасы такыр эле бөлөк. Тестте окуучулар математика бөлүгүндө колонка суроолорго түшүнбөсү мүмкүн. Аналогиялар, окуп түшүнүү, сүйлөмдөрдү толуктоо, кыргыз тилинин грамматикасы боюнча суроолор берилет. Бүтүрүүчү пробный тестке бир да жолу таршырбаса кыйла эле оор болот. Көп жолу пробный тестти тапшырып турса өзү моралдык жактан, психологиялык жактан да даяр болот»,-деди Майрамбек Самсалиев.
Майрамбек Самсалиевдин айтымында окууну жүргүзүүгө бир топ көйгөйлөр болорун билдирди. Алардын орчундуусу мекеменин эскилиги жетип калгандыгы. Жай айлары менен имаратты жакшыртканга аракет кыларын айтып өттү. Учкун айылынын Э.Токсобаев орто мектебинин окуучусу Нурзада Алманбет кызынын айтымында сабак өтүлүүчү жер муздак болуп, окууга тоскоолдук кылгандыгын айтты:
«Мен Секомдун кышкы даярдоо курсуна баргам. Анда сабактар мен ойлогондон да мыкты өткөрүлдү. Эң негизгиси убакыт менен иштөөнү үйрөндүм. Эсептердин оңой чыгаруу жолдорун билдим. Бирок сабак өтүлүүчү жер муздак болуп жатты. Курткаларды чечпей эле сабак өтчүбүз. Эми жазгы курстарга барарда жылуу болуп калат деген ойдомун», -деди 11-классынын бүтүрүүчүсү.
Майрамбек Самсалиев быйылкы бүтүрүүчүлөргө төмкүдөй кеп-кеңешин айттып өттү:
«Негизинен ЖРТ га даярданыш үчүн кеминде 4-5 ай керектелет. Аналогияларды аныктоонун техникасын билиши керек. Тест тапшыруучунун логикасы, кругозору, түшүнүүсү мыкты болушу керек. Эң негизгиси китепти көп окууну сунуш кылат элем. Анткени көп окуган адамдын ой-жүгүртүүсү, түшүнүгү, сөз байлыгы жогору болот. Кыргыз тилинин грамматикасына да чоң жардам болот.»
Даярдаган: Бегимай Алиаскарова