Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айылындагы Саадаш Абдылдаева атындагы орто мектебинде «Жоокерлер кушка айланып учуп жүрɵт» аттуу Баткен окуясынын 20 жылдыгына карата коогаландын баатыры Кенжебек Назар уулун эскерүү кечеси болуп ɵттү.
Иш- чарага Республикалык Баткен коогаланынын ардагерлер кеңешинин мүчɵсү Азатбек Байбагышев, Ат-Башы райондук ардагерлер кенешинен Багдад Орозбеков, Сокулук райондук ардагерлер кенешинин тɵрагасы Жээналиев Чолпонбек баш болгон ардагер жоокерлер, Афган согушунун ардагерлери, Кызыл-Туу айыл аймагынын башчысы Замир Нурманбетов, Кенжебек Назар уулунун классташтары, энеси жана бир туугандары, мугалимдер жамааты катышты.
Үч бɵлүктɵн турган эскерүү кечесинде Афган согушунда, Баткен коогаланында курман болгон жоокерлер эскерилди.
«Биздин айылда үч баатыр бар: Советтер Союзунун Баатыры Павел Свечников, Апрель революциясынын баатыры Канат Бекбоев, Баткен коогаланынын баатыры Кенжебек Назар уулу. Биз алар менен сыймыктанабыз. Жасаган эрдиктери биздин жүрɵгүбүздɵ сакталат», – деди Кызыл- Туу айыл аймагынын башчысы Замир Нурманбетов. Айыл ɵкмɵт муну менен катар Кенжебек Назар уулу атындагы класс кабинетин ачып, ар дайым эскерүүлɵрдү уюштуруп келген мектептин кыргыз тил жана адабият мугалими Динара Сарбашевага ыраазычылыгын билдирди. 
Иш чаранын башкы максаты жаш муундарды мекенди сүйүүгө, патриоттуулукка тарбиялоо.
1999-2000- жылдардагы Баткен окуясы элибиздин жүрɵгүнɵ кара так калтырды. Анда канча деген жапжаш жоокерлерибиз курман болду. Ушул күнгɵ чейин энелердин кɵз жашы тыйылбай келет.
Даярдаган: Нуриза Абдукаримова