iСүлүктүдөгү Р. Жолбаев атындагы №4-орто мектебинин 5-6 класстагы окуучулары көркөм өнөр сабагынан үйрөнгөн көндүмдөрүн калыптандыруу үчүн, 8-мартка карата энелерине өз колдору менен белек жасап жатат. «Окуучулар компьютер дүйнөсүнө биротоло көнүп калбасы үчүн, сабактарды уюштурууда колдонмо сабактарды колдонуунуну практикалап жатабыз. Ошондой эле жалпы республикалык тест тапшырганда да бүтүрүүчүлөрүбүздөн колдонмо билим боюнча көндүмдөр талап кылынууда»- дейт мектеп директору Ырысова Нургүл Анарбаевна. «Сабактарды колдонмо кылып өтсө биз үчүн өтө кызыктуу болот. Көркөм өнөр сабагы качан болот деп чыдамсыздык менен күтөбүз»- дейт 5-класстын окуучусу Омурниса Душабаева. Даярдаган: Айсырга Муртазали кызы