Сокулук районундагы Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Восточный айылындагы Жаңы-Жер №2 толук эмес орто мектебинде «Көркөм өнөр» сабагы боюнча ачык сабак өткөрүлдү.
«Көркөм өнөр» предмети боюнча ачык сабакты Патимат Гаджиева өтүп, бул предметтин өзгөчөлүгү окуучуларга маданий турмушту кеңири таанууга, алардын чыгармачылыкка болгон шыгын өстүрүү мүмкүнчүлүгү бар экендигин айтып берди.
Бул мектепте «Көркөм өнөр» предметине өзгөчө көңүл бурулгандыгы, анын натыйжасында мектеп окуучулары келечектеги инсан болуп калыптанышынын бирден-бир багыты экендигин мектептин директору Кемпирбек Эрмеков дагы баса белгилеп келет. Көркөм өнөр предмети мектепте башталгыч класстардын окуучуларынын табитин тарбиялоого, сезимталдуулукка, ой-жүгүртүүгө, чыгармачылык алгачкы кадам жасоого, күч берүүгө, көркөм баалуулуктарды түшүнүүгө, дүйнөнүн көркөмдүгүн таанууга, өзүнүн жана башкалардын жараткан ийгилигин сезүүгө, айлана-чөйрөгө байкоо жүргүзүүгө, анализ чыгарууга, сызыктардын графикалык сүрөттөлүшүн элестетүүгө, нерселерди айрымалоого, көндүмдөрүн калыптандарууга багыттайт.
Окуучуларга «Көркөм өнөр» искусствосун үйрөнүүдө жана тарбия берүүдө мугалимдин жетектөөчү ролу чоң. Себеби, балдар көркөм өнөрүнүн тилин окуп үйрөнүү менен дүйнөлүк көркөм маданиятты үйрөнүүгө жол ачат. Окуу программасында салттуу билим берүүдөн оолактап, азыркы мезгилдин талабына жараша инновациялык жаны ыкмаларды колдонуп көркөм ишмердикти ишке ашыруу ыкмаларын өздөштүрүүсүнө өбөлгө түзөт.
“Көркөм өнөр” сабагынын мугалими Патимат Гаджиеванын айтуусу боюнча:
“Азыркы иштелип чыккан программа мамлекеттик стандарттын негизинде түзүлгөн. Ар бир класс үчүн окуучулардын курактык өзгөчөлүктөрүн эске алып, түрдүү көркөм каражаттардын жардамы менен чыгармаларды жаратып, изденүүгө багыттаймын. Сабакта азыркы коомдун талаптарын эске алып, илимий-техникалык компьютерлештирүүнүн элементтерин пайдаланып, көркөм өнөр предмети башка предметтер менен тыгыз байланышта болуп, алардын жогорку деңгээлде окуучуларга жеткиликтүү болушуна аракеттенем. Бул класстык көргөзмөдө ар бир окуучунун эмгеги коюлган.
Бул жерге 1-класстан 5-класска чейинки окуучулардын кол эмгектери бар. Биздин мектепте жалпысынан 371 окуучу билим алат. Алардын көпчүлүгү сүрөткө шыктуу балдар. Окуучулар сүрөт тартуу менен гана чектелбестен шыгына жараша ар кандай азем буюмдарды жасай алышат. Анткени көркөм өнөрдүн тили универсалдуу келет.”
Көркөм өнөр предметинин аркасы менен коом ичиндеги деңгээлин көтөрүү менен бирге жалпы адамзаттын турмушунда чоң роль ойнойт. Ошондой эле бул предмет баалуулук системасы катары окуучулардын белгилүү талаптарын калыптандырып өстүрүүгө көмөк берип, интеллектуалдык, гумандык жана адептикке тарбиялайт.
Турсун Омуралиева