«Мен эми карда, жамгырда суу болуп 5 км басып барып, окубайм» деген окуучунун кубанычы менен жыл башталды.
2020-жылды президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен «Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы» деп жарылады. Январь айынын алгачкы күндөрүндө Арсланбоб айыл аймагындагы Кызыл-Алма айылында жаңы мектептин ачылышы менен башталды.
Мектеп аталган айылдын тургуну Кубатбек Досматовдун демөөрчүлүгү менен курулду. Айылдын эли ашар жолу менен курулушту баштаганда, Арсланбоб айыл аймагындагы айыл өкмөт да жардам беришкен. Кызыл-Алма айылындагы мектеп 180 орунга ылайыкташкан.
Ачылышка Базар-Коргон районунун акими Айбек Бегимкулов, Базар-Коргон районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары Мурат Бурканов, Арсланбоб айыл аймагынын башчысы Улукбек Таштанов, мектепке демөөрчү болгон Кубатбек Досматов жана айыл эли катышты.
Мектептин ачылышын төмөндөгү тасмалардан көрсөңүздөр болот:
Даярдаган: Ширин Маратбек кызы