2025-жылдын 10-апрель күнү Нарын районуна караштуу Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинде Улуу Ата-Мекендик согуштагы Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган “Эрдик сабагы” өтүлдү. Иш-чарага Нарын шаардык бириккен аскер комиссариаты жана Нарын облустук Куралдуу Күчтөрүнүн ардагерлери катышып, жаштарды мекенди сүйүүгө, патриоттуулукка жана жоопкерчиликке чакырышты.
Иш чаранын соңу
Иш чара учуру
Окуучуларга акыл- насааттар айтылып, ардагерлерге сөз берилген учур
Мектеп директору Н.Кадырова
Окуучуларды сыйлоо учуру
Окуучуларды сыйлоо учуру
Сол жакта дене тарбия мугалими Р.Назаров
Сол жакта соц.педагог А.Турдакунова
Патриоттуулук боюнча видео көргөзүү учуру
Окуучуларды сыйлоо учуру
Окуучуларды сыйлоо учуру
Мугалимдерди сыйлоо учуру
Окуучуларды сыйлоо учуру
Окуучуларды сыйлоо учуру
Мугалимдерди сыйлоо учуру
Мугалимдерди сыйлоо учуру
Ардагерлерге сөз берүү учуру
Иш чарага:
Нарын шаардык бириккен аскер комиссариатынын кызматкери майор Абиков Назар Баркыжокович; Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери , ооруктун эмгекчилери ардагерлер кеңешинин төрагасынын орун басары полковник Шамбетов Акылбек Токтоналиевич; КР ИИМдин ардагерлер кеңешинин Нарын облусу боюнча төрагасы милициянын майору Кыдырбаев Калыбек Уранкеевич; Ооган согушунун Нарын облусу боюнча ардагерлер кеңешинин төрагасы Оморов Токторбек Салиевич; Ооган согушунун Нарын району боюнча ардагерлер кеңешинин төрагасы Клйчубек Мусаев; Тажик Ооган чек арасын кайтаруу аскерлеринин ардагерлер кеңешинин Нарын шаардык төрагасы Ногойбаев Бакытбек Бекишович, Дөбөлү айыл өкмөтүнүн бардык айылдарынан АЧД мугалимдери окуучулары менен келип катышышты.
Ардагерлер окуучуларга патриоттуулукка үндөгөн видеороликтерди көргөзүшүп, адеп-ахлак, эрдик жана Ата-Мекенге болгон сүйүү тууралуу баалуу насааттарын айтып, согуш учурундагы баатырлардын эрдиги, Кыргыз эли көрсөткөн жардам тууралуу тарыхый маалыматтарды бөлүштү. Окуучулар да оз кезегинде ардагерлердин алган медалдарына, баштарынан өткөргөн окуялары тууралуу кызыгышып, суроолорду берип жооп ала алышты.
Иш-чаранын соңунда ар бир мектептен келип активдүү катышкан окуучуларга, АЧД мугалимдерине жана мектептин директору Н.Кадыровага “Ыраазычылык кат” жана “Ардак грамота” тапшырылды.
И.Мөндүрбаева