Дөбөлү айыл өкмөтүнүн мекемелеринин айымдары арасында уюштурулган волейбол оюну боюнча «Ынтымак» турнири болуп өттү.
Бул оюндун эң негизги максаты Дөбөлү айылынын айымдарынын арасында сергек жашоону колдоо, ден соолукту чыңдоо болуп эсептелет.
Бул турнирге 5 команда катышып ,эң сонун оюн көрсөтүштү.
Жыйынтыгында
Дөбөлү айылынын жаш келиндеринен турган команда 1- орунду ээлеп 3000 сом байгеге,
«Кайынды ФАП айымдары» командасы 2-орунду ээлеп 2500 сом байгеге,
«Өмүр Токтосунов айымдары» командасы 3-орунду багындырып ,2000 сом байгеге ээ болсо ,
Марат Кенжакунов айымдары жана Дөбөлү айыл өкмөтүнүн айымдары активдүү катышуучу номинацияларына жана 1000 сомдон кызыктыруучу байгелерге ээ болду.
Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинин мугалимдери
Айылдык ФАП кызматкерлери
Дөбөлү айыл өкмөтүнүн кызматкерлери
Оң жакта Дөбөлү айыл жаштарынын командасы
Марат Кенжакунов орто мектебинин мугалимдери
Б.Кысыроева